Орусиянын Бухаресттеги элчилигинин дарбазасын сүзгөн машине күйүп, айдоочу каза болду. Полиция бул атайын акция болгонун айтууда.
Орусиялык аскер кызматкерлери квартиралардын каалгасын бузуп, үйдө болгон буюм-тайымдарды ташып кеткен. Буча шаарынын жашоочусунун сөзү.
АКШ жана Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялайт
Кошмо Штаттар жана Батыш мамлекеттери 6-апрелде Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялай турганы күтүлүүдө. Украинадагы шаарларга, жай тургундарга кол салуулары үчүн Москваны экономикалык жана технологиялык изоляцияга алуу каралууда.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки жаңы пакет Орусиянын согушту улантуу үчүн ресурстарын азайтууну максат кыларын маалымдады.
Буга чейин АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын каржылык милдеттенмелерин аткарууну кыйындаткан чараларды көргөн.
Британиянын маалыматына караганда, Батыш Орусиянын 350 миллион доллардан ашуун валюта резервдерин пайдалануусун чектеди. Европа Биримдигинин санкцияларынын бешинчи топтомунда мунай жана көмүр экспортуна, орус кемелеринин европалык портторго кирүүсүнө тыюу салуу чаралары камтылган.
Эки күндө Евробиримдиктен чыгарылган Орусиянын дипломаттарынын жана элчилик кызматкерлеринин саны.