Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:30
Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.
Запорожье. 2025-жылдын 22-сентябры.

Запорожье бомбаланып, Киевде аэропорт бутага алынды, кеминде үч өмүр кыйылды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

21:47 6.4.2022

Венгрия Москванын газга рубль менен төлөө талабына макул экенин билдирди

Премьер-министр Виктор Орбан Орусиянын мунайына жана газына санкция салууга, Батыштын курал-жарагын Украинага Венгриянын аймагы аркылуу ташууга каршы чыгып келатат.

Шаршембидеги маалымат жыйында өкмөт башчы газ үчүн орус валютасы менен төлөө маселеси президент Владимир Путин менен макулдашылганын айтты.

Украинага кол салгандыгы үчүн Батыштын санкцияларына туш болгон Орусиянын президенти Европа газ үчүн рубль менен төлөбөсө, газ бербей коерун эскерткен.

Европа биримдиги келишимдерде евро менен төлөм каралганын, андыктан Москванын талабына баш ийбесин айтып келатат.

6-апрелде Венгриянын тышкы иштер министри газ келищими эки өлкө ортосунда түзүлгөнүн, биримдиктин “эч кандай ролу” жоктугун билдирген.

Евробиримдиктин мүчөлөрү газдын үчтөн бир бөлүгүн Орусиядан алат. Ушу тапта блок Орусияга каршы санкциялардын бешинчи пакетин талкуулап жатат.

22:29 6.4.2022

АКШ Орусияга санкциялардын жаңы пакетин киргизди

Кошмо Штаттар Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу кабыл алынган жазалоочу чаралардын жаңы пакетинин алкагында орус президенти Владимир Путиндин эки чоң кызына финансылык санкция салды. Бул тууралуу 6-апрелде Ак үй билдирди. Вашингтон администрациясынын жогорку өкүлүнүн айтымында, «кара тизмеге» орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жубайы менен кызы, өкмөт башчы Михаил Мишустин, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев да кирди.

Ошондой эле санкцияга Орусиянын эң ири финансылык институту - Сбербанк жана менчик Альфа-банк кабылды.

Мындан тышкары АКШ Орусияга жаңы инвестиция салууга уруксат бербейт.

Орусиянын санкция салынган мамлекеттик ишканаларынын жана конкреттүү кишилердин тизмеси кийинчирек жарыяланмакчы.

22:54 6.4.2022

БУУ: Орусия кол салгандан бери Украинада 1563 жайкын тургун каза тапты

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин маалыматына ылайык, Орусиянын кол салуусунан кийин Украинада 1563 адам каза тапты, анын 130 балдар. 2213 адам жараат алган, алардын 188 балдар.

Докладда айтылгандай, адамдардын өлүмүнө жана жараат алышына ракеталык аткылоо, абадан сокку уруу, анын ичинде кенен аймакка таасир берүүчү жардыргычтарды колдонуу себеп болгон.

Комитет жайкын тургундардын арасындагы курмандыктардын реалдуу саны мындан алда канча көп экени айтууда. Согуштук аракеттер кызуу жүрүп жаткан Мариупол, Изюм (Харьков облусу), Луганск, Киев облустарынан маалымат алуу кыйын болуп жатканын белгилеген.

23:52 6.4.2022

6-апрелде АКШ президент Владимир Путиндин эки чоң кызына санкция салды. Мындан тышкары "кара тизмеге" киргизилгендердин арасында орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жубайы менен кызы, Орусиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, анын ичинде орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана мурдагы президент, мурдагы премьер-министр Дмитрий Медведев да бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG