Кремл АКШнын санкцияларына кабылган эндокринолог Мария Воронцова менен илимий менежер Катерина Тихонова президент Владимир Путиндин кыздары экенин расмий түрдө биринчи жолу моюнуна алды.
Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттер менен маегинде Кремл Путиндин кыздарына салынган санкцияга сөзсүз жооп кайтарарын айтты. Ал мындай жооп Москва "кандай зарыл деп эсептесе, ошондой" тартипте болорун эскертти.
Буга чейин Путин Воронцова менен Тихонова кыздары экенин ырастаган да, четке каккан да эмес.
АКШ Сенаты Украинага курал жөнөтүүнү жеңилдеткен документти колдоду
АКШнын Сенаты Украинага аскердик жардам көрсөтүүнүн жолдорун жеңилдеткен мыйзам долбоорун бир добуштан колдоду. 6-апрелдин кечинде жактырылган документ президент Жо Байденге ленд-лиз (Lend-Lease) программасын колдонууга же Киев менен коргонуу каражаттарын карызга же лизингге берүү тууралуу келишим түзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берет. Мындай программа курал-жарактардын экспортун кечеңдеткен жагдайларды алдын алууга шарт түзөт.
Сенаттагы көпчүлүктүн башчысы Чак Шумер бул мыйзам долбоорун сунуштап жатып, орус күчтөрүнүн Украинадагы аракеттерин "геноцид" деп сыпаттады. Москва мындай айыптоолорду четке кагып келет.
Бул документ январь айында Москва Украинага кол салары кабарланып жаткан учурда даярдалып, Конгресстин сайтына жайгаштырылган. Ага Республикачылар партиясынын 14 сенатору, демократтардан 6 сенатор жана Конгресстин жогорку палатасынын бир көз карандысыз мүчөсү авторлук кылат.
Ленд-лиз программасы акыркы жолу Дүйнөлүк экинчи согуш маалында колдонулган. Анда Америка нацисттик Германияга каршы күрөшкөн Улуу Британия жана СССР сыяктуу өлкөлөргө аскердик жардам көрсөткөн.
Европарламент Орусиянын мунай-газына тыюу салууга чакырды
Европарламент Европа кеңешин Орусияга кошумча санкция салууга чакырды. Тиешелүү резолюция 7-апрелде кабыл алынды. Депутаттар Орусиядан газ, мунай, көмүр жана өзөктүк отун алууга эмбарго киргизүүнү жактайт.
Deutsche Welle жазгандай, бул документти Европа парламентинин 513 депутаты колдоп, 22си каршы добуш берди, 19у калыс калды.
Реолюцияда Украинанын “Буча жана башка шаарларында Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн окккупациясы учурундагы зордуктоо, тынч тургундарды соттун өкүмү жок өлүм жазасына тартуу, күчкө салып көчүрүү, мародерлук, жарандык инфраструктурага кол салуу, алдын ала макулдашылган гуманитардык коридорлордон чыгып бараткан карапайым кишилерге ок ачуу өңдүү мыкаачылык тууралуу маалыматтарга” байланыштуу “ кыжырдануу жана ачуулануу” камтылган.
Мындан тышкары Европарламенттин депутаттары орусиялык банктарды SWIFT системасынан чыгарууну жана орусиялык кемелердин шаркетке караштуу портторго кирүүсүнө тыюу салууну да колдошту.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын көпчүлүк мүчөлөрү Орусияны уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгарууга макулдугун берди. 7-апрелде тиешелүү резолюцияны Башкы ассамблеяга мүчө 193 мамлекеттин 93ү колдоду.
Орусиядан тышкары Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу 24 өлкө каршы болду. 51 мамлекет добуш берүүдөн карманып, калыс калды.
БУУнун баш кеңсеси Женевада жайгашкан Адам укуктары боюнча кеңешине 47 мамлекет мүчө. Уюмдун сайтындагы маалыматка ылайык, Орусиянын бул кеңештеги мүчөлүгү 2023-жылы аяктамак. Кайсы бир мамлекетти бул кеңештен чыгаруу үчүн тиешелүү резолюцияны добуш берүүгө катышкан мамлекеттердин үчтөн экиси колдошу керек. Калыс калган мамлекеттердин добушу саналбайт.