Украин согушун чагылдыруудагы чектөөлөрдөн улам Орусиядан чыгып кеткен "Новая газета" басылмасынын журналисттери жаңы маалымат каражатын негиздегенин жарыялашты. Жаңы басылма "Новая газета. Европа" деп аталат. Анын башкы редактору болуп буга чейин "Новая газетанын" саясий маселелер боюнча редактору болуп иштеген Кирилл Мартынов тандалды.
"Бул - "Новая газетанын" филиалы эмес, юридикалык жактан жана иш жүзүндө өз алдынча, көз карандысыз долбоор. "Новая газета. Европа" Орусияда болуп жаткан окуяларды бир нече тилде дүйнөгө жеткирип турат. Ал орус тилинде окуган жана европалык баалуулуктарды бөлүшкөн адамдар үчүн дүйнөлүк жана орусиялык жаңылыктарды чагылдырат", - деп айтылат жаңы медианын Телеграм каналындагы билдирүүсүндө.
Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Дмитрий Муратов редакторлук кылып келген "Новая газета" көз карандысыз басылмасы орус бийлигинен эскертүүлөрдү алгандан кийин ишин убактылуу токтотуп жатканын өткөн аптада билдирген. Маалыматка ылайык, Орусиянын байланыш жана медиа тармагын тескеген Роскомнадзор сот аркылуу медианы жаба турганын кеминде эки жолу эскерткен.
Орус армиясы 24-февралда Украинага кол салгандан бери орус бийлиги маалымат каражаттарына чектөөлөрдү күчөткөн жана журналисттерди Украинадагы согушту "аскердик операция" деп атоого милдеттендирген. Ошондой эле Мамлекеттик Дума медиа каражаттарынын ишин чектеген бир катар мыйзамдарды кабыл алган.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын көпчүлүк мүчөлөрү Орусияны уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгарууга макулдугун берди. 7-апрелде тиешелүү резолюцияны Башкы ассамблеяга мүчө 193 мамлекеттин 93ү колдоду.
Орусиядан тышкары Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу 24 өлкө каршы болду. 51 мамлекет добуш берүүдөн карманып, калыс калды.
БУУнун баш кеңсеси Женевада жайгашкан Адам укуктары боюнча кеңешине 47 мамлекет мүчө. Уюмдун сайтындагы маалыматка ылайык, Орусиянын бул кеңештеги мүчөлүгү 2023-жылы аяктамак. Кайсы бир мамлекетти бул кеңештен чыгаруу үчүн тиешелүү резолюцияны добуш берүүгө катышкан мамлекеттердин үчтөн экиси колдошу керек. Калыс калган мамлекеттердин добушу саналбайт.
Буга чейин БУУнун Башкы ассамблеясынын көпчүлүк мүчөлөрү Орусиянын Украинадагы аракеттерин айыптаган жана согушту токтотууга чакырган эки резолюцияны кабыл алган. Ал резолюцияларда Кыргызстан добуш берүүдөн карманган.
Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Украинанын Буча шаарчасындагы кыргынды "чоң трагедия" деп атады. Ал Бучада жайкын тургундар оор жагдайда каза тапканы боюнча эл аралык иликтөө болушу керек экенин 7-апрелде жергиликтүү журналисттерге билдирди.
"Ким кырганын айтуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун алдында тергөө жумуштары жүргүзүлүшү керек. Орусия тарап болобу, же башкача болдубу, ушунун бардыгын тергөө, аныктоо зарыл жана жооптуу адамдарды эл аралык укуктун негизинде аныктап, тиешелүү маалыматты украин элине да, дүйнөлүк коомчулукка да жеткирүү керек", - деди Ашимбаев.
Орусиядагы "Новая газета" басылмасынын башкы редактору, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Дмитрий Муратовго белгисиз киши ацетон кошулган сыр (боёк) чачып кетти. Бул тууралуу жаңы түзүлгөн "Новая газета. Европа" басылмасы бейшембинин кечинде журналисттин өзүнө шилтеме кылып кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя Муратов отурган купеде болгон жана мындан улам поезд каттамы 30 мүнөткө кечиккен.
"Көзүм дуулдап ачышып жатат. Москва-Самара каттамындагы поезд", - деп билдирген Муратов.
Анын айтымында, кол салган киши "Муратов, бул биздин жигиттер үчүн" деп кыйкырган.
Азырынча Муратовго кол салуу Москва-Самара каттамынын кайсы бөлүгүндө болгону так айтыла элек.