Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:38
Орусия. Башкырстан, Салават шаары. 24-сентябрь, 2025-жыл
Орусия. Башкырстан, Салават шаары. 24-сентябрь, 2025-жыл

Орусиянын Салават, Новороссийск шаарларына сокку урулду, каза тапкандар бар

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:06 8.4.2022

Америкалык Microsoft корпорациясы орусиялык аскердик тыңчылардын Украинага, Европа Биримдигине жана АКШга багытталган хакердик чабуулдарын токтотуп калганын билдирди.

Strontium деп аталган хакерлердин тобу киберчабуулдарды ишке ашыруу үчүн интернеттеги жети доменди колдонгон. Алар Евробиримдик менен АКШдагы өкмөттүк мекемелерге жана аналитикалык борборлорго, Украинадагы бир катар институттарга, анын ичинде медиа уюмдарга тыңчылык кылууну көздөшкөн.

15:10 8.4.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевдин түндүк-батышындагы Бородянка шаарчасында орус күчтөрүнүн курмандыктары Бучадагыдан да көп экенин айтты. Ал 7-апрелдин кечиндеги видео кайрылуусунда орус аскерлеринен бошотулган Бородянкада урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Ал жакта кырдаал мындан да жаман. Орусиялык оккупанттардын курмандыктары мындан да көп. Орусиянын аскерлери Мариуполдо кылган иштерди дүйнө билгенде эмне болот? Дүйнө орус күчтөрү кеткенден кийин Бучада жана Киев облусундагы башка шаарларда күбө болгондорду ал жерде дээрлик бир көчөдөн көрүүгө болот. Эмне деген ырайымсыздык", - деди Зеленский.

15:29 8.4.2022

Украинанын Краматорск шаарындагы темир жол вокзалында орус күчтөрүнүн ракета соккусунан кеминде 30 киши мерт болуп, 100дөн ашууну жараат алды. Бул тууралуу Украинанын мамлекеттик темир жол компаниясы билдирди. Маалыматка ылайык, чабуул 8-апрелде вокзалда шаардагы жайкын тургундарды эвакуациялоо иши жүрүп жаткан учурда болгон.

"Краматорск темир жол станциясына эки ракета тийди", - деп билдирди "Украин темир жолу" компаниясы.

Интернетке жарыяланган видео жана сүрөттөрдөн темир жол бекетинде чемодан жана рюкзактардын арасында ондогон адамдын өлүгү жатканын көрүүгө болот.

Айрым украин басылмалары Орусиянын армиясы Краматорсктогу вокзалга "Искендер" ракеталары менен сокку урганын жазып жатышат. Азырынча Орусиянын Коргоо министрлиги бул окуя тууралуу маалымат бере элек.

Украинанын чыгышындагы бул чабуул Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен, Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел жана Словакиянын премьер-министри Эдуард Хегер президент Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Киевге келген маалда болду.

Орусия Украинага басып киргенине алты жумадан ашты. Орус аскерлери Украинанын түндүгүндөгү аймактардан чыгып кеткени менен жакын арада өлкө чыгышындагы Донбасска чабуул коюуга камданып жатканын украин бийлиги жана Батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтары эскертип жатышат.

16:40 8.4.2022

Британия Путиндин кыздарын санкциялык тизмеге кошту

Британия орус президенти Владимир Путиндин кыздары Мария Воронцова менен Екатерина Тихонованы санкциялык тизмеге кошту. Расмий Лондондун 8-апрелде жарыялаган чечимине ылайык, Путиндин кыздарын Британияда кандайдыр бир мүлкү болсо, алар камакка алынат.

Президенттин кыздары менен кошо Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кызы Екатерина Винокурова да британ тараптын "кара тизмесине" киргизилди.

6-апрелде Кошмо Штаттар да Орусиянын бул үч жаранына санкция салган.

"Биздин мурда болуп көрбөгөн санкцияларыбыз орус экономикасын аксатып, элитага жана алардын үй-бүлөсүнө сокку уруп жатат", - деп билдирди Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG