Словакиянын премьер-министри Эдуард Хегер расмий Братислава Украинага C-300 абадан коргонуу системасын бергенин 8-апрелде Твиттер аркылуу ырастады.
"Украин эли өз суверендүүлүгүн жана бизди да эрдик менен коргоп жатат. Орусиянын агрессиясынан кыйылып жаткан адам өмүрүнө көңүлкош болбой, обочодо турбай жардам берүү - бул биздин милдет", - деп жазды Хегер.
Словак премьер-министри Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен, Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел менен чогуу жума күнү Киевге келип, украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.
Зеленский C-300 системасы тууралуу алгач өткөн айда АКШ Конгрессине кайрылуу жасаганда сөз кылган. Ал мындай системада Украинанын аба мейкиндигин орус учактарынан жана ракеталарынан коргоого жардам берерин белгилеген.
Алгач Советтер Союзунда жасалган C-300 ракетасы канаттуу ракеталарды жана согуш учактарын жүздөгөн чакырым алыстыктан атып түшүрө алат. Мындай система НАТО мүчө мамлекеттердин ичинен Словакиядан тышкары Болгарияда жана Грекияда бар.
Буга чейин расмий Братислава C-300 системасын Украинага берүүгө даяр экенин, бирок анын ордун толтуруу зарылдыгын билдирген.
Украинанын Краматорск шаарындагы темир жол вокзалын бутага алган ракета чабуулунан каза тапкандардын саны 50 кишиге жетти. Алардын арасында беш бала бар экенин 8-апрелде Донецк облусундагы аймактык аскердик администрациянын башчысы Павел Кириленко билдирди.
Ал Орусиянын бул чабуулунун курмандыктарынын саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн, жаракат алган жүздөй адамдын арасында 16 өспүрүм бар экенин Телеграмга жазды.
Президенти Владимир Зеленский орус күчтөрү жайкын тургундарды атайылап бутага алганын айтты. Краматорсктогу чабуулду бир катар дүйнө лидерлери айыптап чыгышты.
"Жайкын тургундардын маанилүү инфраструктурасына сокку уруу – бул согуш кылмышы. Бул ракеталар гуманитардык баш калка издеген адамдарга каршы багытталган", - деди Улуу Британиянын Коргоо министри Бен Уоллес.
Украинанын чыгышындагы Краматорсктун мэри Александр Гончаренконун айтымында, чабуул болгон маалда вокзалда коопсуз жерге чыгып кетүүнү көздөгөн 4 миң киши болгон.
Украин бийлиги орус тарап "Точка-У" ракетасын колдонгонун билдирип жатат. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын чыгышына урулган бул соккуга тиешеси жок экенин маалымдады.
Орусия Украинага 24-февралда басым кирген. Буга чейин украин өкмөтү орус күчтөрү Донбасс аймагына чабуул коюуга камданып жатканын билдирип, өлкө чыгышында жашаган калкты коопсуз жерлерге көчүүгө чакырган.
Google Орусиянын Мамлекеттик Думасынын YouTube-каналын жапты
«Анда 145 миңден ашык катталуучу бар болчу, биздин видеолорубуз 100 миллиондон көп жолу көрүлгөн эле. Биз сиздерге депутаттардын эксклюзивдүү пикирлерин, жыйындарды түз көрсөтүп келдик,-деп «Дума ТВ» Телеграм каналына жазган.
Байден Орусиядан мунай импортоого тыюу салды
АКШ президенти Жо Байден Украинага жасалган агрессияга байланыштуу Орусия менен Беларуска каршы кошумча санкцияларды киргизүү боюнча эки мыйзам долбооруна кол койду.
Алар Орусиянын энергетикалык продуктыларды импорттоого тыюу салган “Орусиянын мунай импортун токтотуу" жана “Орусия жана Беларус менен нормалдуу соода алакаларын токтотуу" мыйзамы экенин Ак үй маалымдады.
Мыйзам долбоорлорун АКШнын Конгресси бир күн мурун жактырган. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки буга чейин санкциялар "президент колдоп жана үндөп келген чаралар" экенин айткан.