Украинада согуш башталгандан бери 176 бала каза болду
Украинанын Башкы прокуратурасы кабарлагандай, согуш башталгандан бери 176 бала каза таап, жараат алган балдардын саны 320га жетти.
Кечээ күнү Краматорсктогу ракеталык соккудан эле 5 бала каза болуп, 16сы жараат алган.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Киевге келди
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон украин президенти Владимир Зеленский менен жолугуу үчүн Киевге келди. Бул тууралуу Украина президентинин администрация башчысынын орун басары Андрей Сибига Фейсбукка жазды.
"Азыр Борис Жонсондун Киевге сапары Владимир Зеленский менен жекече жолугушуудан башталды. Британия-Украинанын коргонуудагы негизги колдоочусу. Согушка каршы коалициянын, орусиялык агрессорго каршы санкциянын лидери".-деп жазган.
Еврокомиссия украиналык качкындарга жардам катары 1 млрд. евро бөлөт
Бул тууралуу Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен Варшавада өткөн Украинаны колдоо иш-чарасында жарыялады.
Анын айтышынча, 600 миллион евро украин бийлигине жана бир бөлүгү Бириккен Улуттар Уюмуна, 400 миллиону украиналык качкындарды кабыл алган өлкөлөргө берилет.
Австриянын канцлери Карл Нехаммер Киевге келди
«Австрия Орусиянын агрессиясын каршы күрөшүүдө бизди колдоп жатат. Федералдык канцлер Карл Нехаммердин Киевге сапары украин эли менен тилектештиктин маанилүү көрүнүшү болуп саналат,-деп Зеленский өзүнүн Телеграм-каналына жазды.