Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеев 90 жашында дүйнө салды


Өскөн Даникеев. 2023-жыл.
Өскөн Даникеев. 2023-жыл.

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Өскөн Даникеев 14-августта 90 жашында көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Өскөн Даникеев 1934-жылы 21-декабрда Сокулук районунун Чоң-Жар айылында туулган. 1948–1951-жылдары борбордогу №5 кыргыз орто мектеп-интернатында тарбияланып, 1951-жылы Москвадагы тоо-кен институтуна кабыл алынган.

1970-жылы Билим берүү тармагында биринчилерден болуп кыргыз тилинде “Сызма геометрия” окуу китебин жазган.


1977-жылы Москвадагы СССР Жазуучулар союзуна караштуу Максим Горький атындагы адабият институтунун Жогорку адабий курсун аяктаган. 1984-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы болуп шайланган.

Өскөн Даникеевдин “Бакир” баяны 1961-жылы жарыяланган. Кийин “Кыздын сыры” аттуу повести жарык көрүп, орус, француз жана башка тилдерге которулуп, көркөм фильм тартылган.

Автордун “Көкөй кести” романы үчүн 1986-жылы Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Жазуучу Достоевский, Лесков, Анкилов, Азиз Несин, Вампиловдун чыгармаларын которуп, алардын драмалык чыгармалары облустук, республикалык театрларда коюлган. (BTo)

Шерине

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG