Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

Түндүк Кореянын лидери Украинага каршы согушка катышкан аскерлерге сыйлык тапшырды


Пхеньянда аскерлерди сыйлоо аземи. 22-август, 2025-жыл
Пхеньянда аскерлерди сыйлоо аземи. 22-август, 2025-жыл

Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ын Орусиянын Украинага каршы согушуна катышкан аскерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Коммунисттик Кореянын мамлекеттик кабар агенттиги билдиргендей, "түндүк корей аскерлери бүткүл дүйнөгө башка эч ким менен салыштыргыс жана кажыбас идеологиялык-руханий артыкчылыгын, ырайымсыз кан төгүлгөн уруштарда күчтүү аскердик даярдыгын көргөзө алды". Ким Чен Ын сыйлыктарды тапшырып жатып, түндүк корей армиясы "дүйнөдөгү эң күчтүү армия" катары атагы тарап, кандуу согушта "жеңишке жеткиргенин" белгиледи.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөн залдын сахнасында Украинадагы согушта курман болгон 101 түндүк корей аскеринин сүрөттөрү илинип турду. Апрель айында Пхеньяндык депутаттар чалгындоо мекемесине таянып, Орусияга бардыгы 15 миңдей аскер жөнөтүлгөнүн, улуттук армия бардыгы 4700дөй кишисин жоготуп, алардын 600дөйү курман болгонун билдиришкен. Алгачкы жолу түндүк корей аскерлери орус армиясынын катарында согушуп жатканы былтыр октябрда кабарланып, соңку айларда Украинадагы согуштарда корей аскерлеринин катышуусу байкалган эмес.

Түндүк Корея - Орусиянын Украинага каршы согушун ачык колдогон аз сандуу мамлекеттердин бири. Москвага курал-жарак, ракеталарды жөнөтүп келатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG