Кыргызстанда 25-августтан тарта мектепке катталбаган балдар үчүн электрондук каттоо ачылууда.
Агартуу министрлиги 1-2-класстар үчүн кошумча квоталарга каттоо саат 09:00дө башталарын билдирди.
Мекеме ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү «Түндүк» тиркемесинин «Санариптик документтер» бөлүмүнө киргизип, аны текшерип алышы керектигин маалымдады.
Мобилдик тиркемелер аркылуу «Мектепке электрондук кабыл алуу» кызматы же https://edu.gov.kg/posts/4376/порталы аркылуу баланы каттоого болот.
2025-2026-окуу жылында “Алтын казык” мамлекеттик программасынын алкагында 12 жылдык билим берүү системасы ишке кирет. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган.
5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй баштайт. Бала бакчага барган жана мектептердеги “Наристе” программасын өткөн балдар жаңы стандарт жана программа боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтөт.
Шерине