Германия Орусиянын жана Беларустун жарандарына кайра гуманитардык визаларды бере баштайт. Бул тууралуу Германиянын Тышкы иштер министрлиги Deutsche Welle маалымат каражатына билдирген.
“Сөз эркиндигин, демократияны жана адам укуктарын коргоо боюнча ишмердүүлүгүнүн айынан өзгөчө коркунучка туш болгон, башка себептерден улам алардын кабыл алынышы саясий кызыкчылыкка ээ адамдарды кабыл алуу кайрадан жанданат”, - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Маалыматта орусиялык жана беларус жарандардын документтери качан кабыл алына баштай турганы жазылган эмес.
Мораторийдин алынышы боюнча буга чейин Германиянын ТИМиндеги Орусия жана Беларус боюнча бөлүм башчысы Михаил Новак Ачык эшик күнүндө айткан. Кийин бул маалыматты Европа парламентинин депутаты Сергей Лагодинский жана орус саясатчысы Андрей Пивоваров тастыкташкан.
Шерине