Бул божомолду эксперттер ар кыл талдап, айрымдары азыркыдай тенденция сакталса, абал тез арада өзгөрүшү мүмкүн экенин айтышат.
Дүйнөлүк банктын “Ишкердик, технология жана инновациялар аркылуу өнүгүүнү тездетүү” деген баяндамасында Европа менен Борбор Азия өлкөлөрү камтылган. 2023-жылдын жыйынтыгы менен божомолдо Кыргызстандын калктын орточо кирешеси 14 миң 5 долларга жетиши үчүн 70 жыл бар деп жазылган. Бул тизмеде Европа аймагындагы Украина жана Беларус Кыргызстан менен бир катарда жайгашкан.
Ал эми Казакстан менен Түркмөнстанга 40 жыл, Тажикстан менен Өзбекстанга 100 жыл деп белгиленген.
Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү Дүйнөлүк банктын кирешелүү өлкөлөрдүн катарына кошулуу үчүн 70 жыл керек деген баасына макул эмес.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дүйнөлүк банк бул анализге 2019-жылга чейинки статистиканы колдонгонун, андан бери өлкөнүн өнүгүү темпи тездегенин айтты.
“Азыркы жетекчиликтин планы боюнча орто эсеп менен 8.5% жылына өссөк (реалдуу сценарий) 21 жылда 2045-жылга чейин, пессимист сценарий 6% 30 жылда 2055-жылга чейин жетет. Бирок, азыркы бийликтин ыйык үмүтү жана кажыбас аракети - бул максатка 20-30 жылда эмес, буюрса 12-15 жылдын ичинде жетиш керек деген тапшырма коюлууда. Жакшы иштесек, стабилдүү жана азыркы динамиканы күчөтсөк, 12-15% менен өнүгө алабыз”.
Экономист Искендер Шаршеев аймактагы алдыга чыккан эки өлкөгө алардын кен байлыктары негизги фактор болгонун айтууда. Ал Кыргызстанда чоң табигый ресурсу жана логистика менен деңизге соода жолунун жоктугу көйгөй экенин белгиледи.
“Адамдык капитал, башкача айтканда, билим берүү системасы биринчи орунда. Кийинки катарда укуктук система. Мунай, газ сыяктуу ресурстар маанилүүлүгү боюнча үчүнчү орунда. Андан соң калктын саны жана бешинчиде логистика, өлкөнүн географиялык шарты турат. Кыргызстанга көйгөй жараткан нерсе – элдин аздыгы, географиялык шарттын катаалдыгы. Андан маанилүүсү деп мен адамдык капиталга салым жетиштүү болбой жатканын айтмакмын. Адамдык капиталды өстүрүү үчүн баары бир дүйнөлүк билимдерди алып, иштештиш керек”.
Шаршеев адамдык капиталдын арты менен ишке ашкан экономикалык секирикке Сингапурдун моделин мисал келтирди.
Дүйнөлүк банк мындай божомолду соңку он жылдагы жыйынтыкты эске алып чыгарган. Соңку жылдары дүйнөгө ачылып, өзүнө чет өлкөлүк инвестицияны тартып жатканы айтылган Өзбекстандын эң төмөндө жайгашканы боюнча түрдүү пикирлер бар.
Өзбекстандык экономика боюнча эксперт Темир Умаров божомолдо Өзбекстанга бир кылымдык мөөнөт жазылганын мындайча талдаган.
“Бирок Өзбекстандын өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жетүүсү эмнеге кыйын экенин түшүнүүгө болот: калкы көп өлкөлөрдө жогорку кирешеге жетүү анча жеңил эмес. Муну Кытайдын мисалында көрүүгө болот. Ал дүйнөдөгү эң ири экономика жана эң чоң инвесторлордун бири болгонуна карабай, калк башына киреше боюнча өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине азыркыга чейин жеткен эмес”.
Дүйнөлүк банктын баяндамасында соңку жылдары көпчүлүк өлкөлөрдө өндүрүмдүүлүк түшүп кеткенин, бирок бул тармактагы оң көрүнүш Кыргызстан менен Түндүк Македонияда байкалганын жазган. Кыргыз бийлиги да соңку беш жылда өлкөдөгү экономикалык өнүгүү тездик менен жүрүп жатканын айтып келет.
Орточо айлык акы 2021-жылы 20 миң сомдун тегерегинде болсо, 2024-жылдын жыйынтыгы менен 36 миң сомго жетти. Жан башына бюджеттик киреше 2020-жылы 23 миң сомдой болсо, 2024-жылы 58 миң сомго жакындады.
Дүйнөлүк банктын божомолунда орточо кирешенин төрт түрү тандалган. Айлык киреше 1145 долларга чейин болсо төмөнкү, 1146 – 4515 доллар ортодон төмөн, 4516 – 14,005 доллар ортодон жогору, ал эми 14 миң 5 доллардан көп болсо эң жогорку деп айтылат.
Кыргызстандык активист Тилек Токтогазиев Дүйнөлүк банктын божомолу маанилүү экенин, бирок анда көрсөтүлгөн мөөнөт бийликтин саясатына жараша өзгөрөрүн айтты.
“Кумтөр же ал сыяктуу тоо-кен ишканалары жалпы экономиканы көтөргөнү менен айылдагы адамдардын чөнтөгүнө түз киреше түшкөнү сезилбейт. Экономика киреше тапканы менен ар бир адамдын жашоосуна сезилбейт. Ошондуктан айыл чарба, туризм, кызмат көрсөтүү тармактары жарандардын кирешесин көбөйтө турган эң артыкчылыктуу багыттар десем болот. Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда мамлекеттик жеке сектордогу үлүшү өтө аз. Тилекке каршы, бул көрүнүш өзгөрүп, мамлекеттик ишканалар көп ачылып жаткандай. Мындай шартта жеке сектор үчун атаандаштык көрсөтүү мүмкүн болбой калат”.
Ал ошондой эле калктын арасында бай-кедей ажырымынын тереңдеп кетпеши маанилүү экенин белгиледи.
Кыргызстанда жакырчылык деңгээли 2021-жылы 33,3% болгон, ал эми 2023-жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 29,8% түшкөн.
Борборазиялык эксперттер Дүйнөлүк банктын божомолунда Казакстандын бул аймакта жогорку кирешеге жетүүгө эң жакын өлкө деп табылганын анын өндүрүшү менен байланыштырат. Бирок Түркмөнстандын да Казакстан менен бир катарда жайгашканы жабык өлкө үчүн кызык көрүнүш болду.
Өзбекстандык экономист Сапарбай Жубаев буларга токтолду:
“Түркмөнстан эмне үчүн алдыда? Анткени аларда манаттын долларга карата расмий курсу өтө жогору. Бир долларды 3–3,5 манат деп эсептешет, бирок базардагы реалдуу баасы 24 манат. Башкача айтканда, Түркмөнстандын экономикасы доллар менен эсептегенде 6–7 эсе көп чыгат. Расмий көрсөткүчү жогору болуп калат. Эл аралык Валюта Фонду жана Дүйнөлүк Банк адатта Түркмөнстандын көрсөткүчтөрүн жарыялашчу эмес. Бул жолу жарыялаптыр. Азыр Түркмөнстанда жакшы өзгөрүүлөр болот деген үмүт бар. Ал нейтралдуу позицияны карманат, президенти алмашты жана башка жагдайлар бар. Ошондуктан эл аралык экономикалык уюмдар Түркмөнстан менен кызматташууга кызыгууда. Өзбекстанда да 2017-жылдын 5-сентябрына чейин ушундай абал болгон. Мурдагы бийлик учурунда доллардын расмий курсу менен базардагы курсу эки эсе айырмаланчу. 2017-жылы бул өзгөртүлүп, Өзбекстан реалдуу көрсөткүчтөргө ээ боло баштады”.
Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсеси бул божомолдор кантип аныкталары тууралуу "Азаттыкка" түшүндүрмө берди.
"Дүйнөлүк Банктын экономикалык божомолдору адатта реалдуу жана ишенимдүү болуп саналат, анткени алар күчтүү моделдерге жана кеңири маалыматка таянат. Бирок ири күтүлбөгөн кескин өзгөрүүлөр же белгисиздик күчөгөн учурларда божомолдордо ката кетүү ыктымалдыгы жогорулайт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку кирешелүү мамлекеттер катарына кошулуу убактысы алардын азыркы киреше деңгээлине жана орточо өсүү ылдамдыгына жараша болот. Баштапкы кирешеси төмөн жана өсүү темпи жай өлкөлөр үчүн бул жол кыйла узагыраак болот".
Аналитиктердин пикиринде, чыныгы экономикалык өсүү жана калктын киреше деңгээлинин жогорулашы - бул жөн гана экономикалык чаралар менен эмес, демократиялык талаптарга ылайык натыйжалуу саясий реформалардын ишке ашуусу менен да тыгыз байланышкан. Бирок бул багыттагы эл аралык рейтингдер менен индекстердин анализинде Борбор Азия мамлекеттери жетиштүү жогорку көрсөткүчтөргө ээ эмес.
Ошондой эле бул өлкөлөрдүн аймак катары калыптанып, интеграция боло электигинен улам экономикалык базардын жоктугу да бир маселе катары айтылып жүрөт.
Шерине