Америкадагы православ чиркөөсүнүн иерархы Аляскада орус президенти Владимир Путин менен жолугушканы үчүн кечирим сурады.
Ситка жана Аляска архиепискобу Алексийдин кайрылуусу АКШдагы православдар чиркөөсүнүн расмий сайтында жарыяланды. Чиркөөнүн башчысы, митрополит Тихондун атына жолдонгон кайрылууда Алексий "анын жоруктарынан жапа чеккендерден, азап тарткандардан чын дилден кечирим сурай турганын" айткан.
Архиепископ Путин менен тынчтыкка умтулат деген ойдо жолугушканын, бирок көптөгөн эл аны орус президентинин бетине Украинага тынчтык керектиги тууралуу эч нерсе айта албады деп айыптап жатканын белгиледи. Архиепископ АКШдагы православ чиркөөсү Орусиянын Украинага басып киргенин буга чейин бир нече жолу айыптаганын, азыр деле анын позициясы өзгөрбөгөнүн айтты.
"Мен өзүм түрткү болгон жаңжал үчүн абдан өкүнөм", - деди Алексий.
Митрополит Тихон өз кайрылуусунда архиепископ Путин менен Синоддун макулдугусуз, өзүнүн демилгеси менен жолугушканын, чиркөө мурдагыдай эле согушту айыптап, аны тез арада токтотууга чакырарын белгиледи.
Архиепископ Алексий Путин менен 15-августта анын Анкориждеги сапарында советтик учкучтардын мүрзөсүнө гүл койгону барганда жолугушкан. Орус президенти ал жайга АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушкандан кийин барган.
Дин кызматкери ага аляскалык Германдын иконасын белек кылып, Путинден белекке эки икона алган. Америкадагы православдар чиркөөсү автокефалдык же көз карандысыз болуп саналат. Ал Орус православ чиркөөсүнө жана башкаларга көз каранды эмес.
Чиркөө коомунун мүчөлөрү - АКШ жана Канаданын православ динин туткан жарандары, арасында Украиндан чыккандар да бар.
Шерине