Катардын премьер-министри Мохаммед бен Абдель Рахман бен Жассим Аль Тани CNN телеканалына берген маегинде Израилдин ракеталык чабуулу барымтадагыларды аман-эсен бошотуп алуу планын дээрлик жокко чыгарганына өкүнүчүн билдирди. АКШнын чөлкөмдөгү негизги өнөктөштөрүнүн бири Катар мамлекети Жакынкы Чыгышта ок атууну токтотуу сүйлөшүүлөрүндө ортомчулук ролду аркалап келаткан.
Дохада Израилдин ракеталык соккусунан каза тапкан алты кишинин сөөгү 11-сентябрда жерге берилди. Алар - АКШ менен Европа Биримдиги террорчул уюм деп тааныган ХАМАСтын бозгундагы лидери Халил Ал-Хайянын иш кеңсесинин жетекчиси, уулу, үч жан сакчысы жана Катардын ички коопсуздук кызматынын офицери экени жарыяланды. Маркумдардын тажыясына Катардын эмири да катышты. Бир катар араб мамлекеттери Катарга чабуулду жалпы чөлкөмдү бутага алган кадам катары кабыл алганын билдиришти.
Ал тапта Газада Израил армиясынын чабуулдарынан бейшембиде 30дан ашуун киши набыт болгону, Газа шаарында тынч убакта калк жыш жашаган райондор бомбаланганы кабарланды.
Шерине