Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:08

Кыргызстанда "Чоңдорго билим берүү күнүн" өткөрүп туруу сунушу талкууланууда


Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева.

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин 22-сентябрдагы жыйынында "Чоңдорго билим берүү күнүн бекитүү жөнүндө" парламенттин токтомунун долбоору каралып, колдоо тапты.

Токтом долбооруна ылайык, жыл сайын 17-апрелди Чоңдорго билим берүү күнү катары бекитүү сунушталууда.

Демилгечилердин бири, депутат Айсулуу Мамашова министрлер кабинети бул токтомдун алкагында жарандар үчүн тиешелүү иш-чараларды, семинарларды жана окутуу курстарын өткөрүүгө тийиш экенин кошумчалады.

"Үзгүлтүксүз окуу – жөн гана жаңы тренд эмес, келечектеги норма. Адамдар жаш курагына карабастан, өмүр бою жаңы нерселерди үйрөнүшү керек", - деди Мамашова.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Айгүл Айдарова мектептерде мугалим жетишпей жаткан учурда чоңдорду ким окутарына кызыкты. Ал эми эл өкүлү Гүлсүнкан Жунушалиева өлкөдө "Сабатсыздыкка каршы күрөш күнүн" өткөрүп туруу керектигин айтты.

Билим берүү - Кыргызстандагы көйгөйлүү тармактардын бири. Акыркы жылдары кыргыз бийлиги билим берүү жаатында реформалар жүргүзүп, мектеп программасында өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонорун айтып келүүдө.

Өлкөдө жаңы окуу жылы башталган 1-сентябрь Билим күнү болуп эсептелет. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG