Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:33

Түркмөнстанда Элдик курултайдын катышуучусу эмгек акы, пенсияны 10% көтөрүүнү токтото турууну сунуштады


Элдик курултайдын делегаттары. Архив сүрөт.
Элдик курултайдын делегаттары. Архив сүрөт.

Түркмөнстанда 19-сентябрда Халк Маслахаты, же Элдик курултай ачылган. Ага курултайдын төрагасы, "улут лидери" Гурбангулы Бердымухамедов жетекчилик кылууда. Жыл сайын өтүүчү улуттук жыйынга бардык министрлер, депутаттар, облус, район, айыл жетекчилери, аксакалдар, ардактуу энелер, жер-жерлерден шайланган өкүлдөр катышууда.

Элдик курултайда аксакалдардын бири төрагага кайрылып, 2008-жылы кабыл алынган эмгек маянаны, пенсияны, стипендияларды жыл сайын 10% көтөрүү чечимин убактылуу токтотуп, ал каражатты жалпы мамлекеттин өнүгүүсүнө сарптоону сунуштады. Аксакал 17 жылдан бери 10% жогорулап отуруп, азыр элдин жашоосу "жогорку деңгээлге" жетип калганын белгиледи.

Байкоочулар өкмөттүн колдоосуна карабастан Түркмөнстан калкынын чоң катмары кымбаттап кеткен азык-түлүк, башка товарлар менен тейлөөнүн баасына чама-чаркы чектелүү экенин айтышат. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Түркмөнстандын ички дүң өндүрүмүн киши башына бөлө келгенде 2024-жылы бул көрсөткүч 8571 долларга айланып, Борбор Азияда Казакстандан кийинки орунду ээлеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG