30-сентябрдагы маалыматка караганда, 26–29-сентябрь аралыгында шейшембиде Алматы шаарында өтө турган Казакстандын “Кайрат” жана Испаниянын “Реал Мадрид” футбол командаларынын оюнун көрүү үчүн шаарга беш миңден ашуун чет элдик турист келген. Бул тууралуу шаардык туризм башкармалыгына шилтеме берип «Казинформ» агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, оюнду көрүү үчүн келген туристтердин көбү Кытай, Индия, Орусия, Жапония, Улуу Британия, Испания жана Чехия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары. Ошол эле кезде КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинде борбор азия өлкөлөрүнүн жарандары да бар.
“Оюндун өлкөгө тийгизген экономикалык таасири чоң деп бааланды. Mastercard компаниясынын маалыматына ылайык, Алматыдагы бир чет элдик туристтин орточо чыгымы 1500 доллардын тегерегин түзөт. Ал чыгымдарга мейманкана, тамак-аш, транспорт, көңүл ачуучу жайлар жана шоппинг кирет. Мындай чыгымдар чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө түрткү берип, тейлөө тармагын жандандырып, шаар экономикасына таасир берет”, — деп айтылат мекеме таратканда маалыматта.
30-сентябрда Алматыда “Кайрат” футбол клубу Испаниянын “Реал Мадрид” клубу менен беттешет.
Казакстандын Алматы облусунун “Кайрат” футбол клубу 26-августта шотландиялык “Селтик” клубун утуп, тарыхында биринчи жолу футбол боюнча Европадагы негизги турнир - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына чыккан.
Казакстанда ушуну менен экинчи футбол клубу Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына чыкты. Мындан туура 10 жыл мурун “Астана” да тайпалык баскычына жеткен.
1954-жылы негизделген клуб Казакстандын төрт жолку чемпиону.
Чемпиондор лигасы - Европа футбол биримдигинин ири клубдук турнири. (AiA)
Шерине