Кыйноолорго каршы борбордун иш милдетин акыйкатчынын карамагына өткөрүү жараяны кагаз бетинде оңой көрүнгөнү менен иш жүзүндө бардыгы башкача жана бул үчүн олуттуу аракет көрүлүшү зарыл болот. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) кыйноолорду алдын алуу бөлүмүнүн өкүлү Элина Штейнерте билдиргенин акыйкатчынын маалымат кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, акыйкатчы Жамила Жаманбаева менен Штейнерте онлайн талкуу өткөрүштү.
Кыргызстандын акыйкатчысы ишти уюштуруу жана каржылоо эркиндигинин оптималдуу моделин аныктап алуу үчүн эксперттердин кеп-кеңешине, тажрыйба алмашууга, талкууларга даяр экенин айтты.
БУУ өкүлү кыргыз тараптын ачыктыгы жана кызматташууга даярдыгы колго аларлык экенин белгиледи.
Талкуу учурунда жабык жайларды кыйноолорду алдын алуу максатында кыдырууга жарандык коом өкүлдөрүн жана эл аралык өнөктөштөрдү да кошо ала баруу тууралуу сунуштар айтылды.
Омбудсмен Жаманбаева Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынышына арналып уюштурула турган иш-чарага катышууга аталган комитеттин өкүлдөрүн да чакырып, быйыл бул жыйын жабык жайларда кыйноого жана ырайымсыз мамилеге жол бербөө маселесине арналарын айтты.
Бир топ талаш-талкуудан кийин 2013-жылы Кыргызстанда Кыйноолорго каршы улуттук борбор түзүлгөн жана ага каалаган убакта каалаган жабык жайга кирип, мониторинг жүргүзүп туруу укугу берилген. Мындай мекеме ачуу Кыргызстан 2008-жылы БУУнун кыйноолорго каршы факультативдик протоколуна кошулганда алган милдеттердин бири болгон.
Акыйкатчы (омбудсмен) жөнүндөгү мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүгө ылайык, быйыл 3-октябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор ишин токтотту, анын функциялары акыйкатчыга өткөнү айтылды.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жоюлушуна камтамачылыгын билдирип, бул кыйноолорду болтурбоо жаатында артка ташталган кадам экенин белгилеген.
Акыйкатчы 25-сентябрда түшүндүрмө таратып, “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамдын 8-беренесине ылайык, кайсы убакта болбосун кармалгандарга, баштапкы камоо жайларына, соттолгондор жазасын өтөөчү жайларга, мажбурлап дарылоочу жана кайра тарбиялоочу мекемелерге, психиатриялык ооруканаларга тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу экенин билдирген.
"Кыргызстан БУУнун кыйноолорго каршы Конвенциясынын Факультативдик протоколу боюнча өз милдеттерин аткарат”, – деп белгилеген өлкөнүн омбудсмени. (RK)
Шерине