Кыргызстандын Башкы прокуратурасы эл аралык сатып алууларды жүргүзгөн интернет платформа салыктык талаптарды бузганы аныкталганын билдирди. Мекеменин 23-октябрда тараткан маалыматына караганда, “Т.” аттуу компания салыктык каттоодон өткөн эмес.
“Мамлекеттик салык кызматынын катышуусу менен мыйзам бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлүп, компания Кыргыз Республикасында салыктык каттоодон өткөрүлүп, жыйынтыгында ыйгарым укуктуу органдын эсептерине 2 млн 885 миң АКШ доллары (251 млн сом) өлчөмүндө салык төлөмдөрү төгүлдү”, - деп жазылган маалыматта.
Башкы прокуратура компаниянын аталышын так көрсөткөн эмес. “Азаттыктын” мамлекеттик мекемелердеги эки булагы сөз кытайлык TEMU компаниясы жөнүндө болуп жатканын ырастады.
TEMU – 2022-жылы Кытайда ачылган эл аралык онлайн соода платформасы. Ал дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө иш алып барат жана соңку жылдары Кыргызстанда да соода-сатыгын жайылтууда.
Шерине