Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:22
Чабуулдан кийин, Украина.
Чабуулдан кийин, Украина.

Түз ободо Украинада төрт киши жабыркады, Орусияда аэропорттор ишин токтотту

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

11:48

Дрон чабуулуна байланыштуу Орусияда алты аймагындагы аэропорттордун иши токтотулганын “Росавиация” мекемеси билдирди.

Алгач Сочи, Нижний Новгород жана Геленжиктеги аба майдандар ишин токтоткон. Ошол маалда Мордовия, Липецкиде жана Ставропольск аймагында дрон чабуулуна байланыштуу эскертүү берилген.

Мындай чечим кийинчерээк Краснодар, Ярославль жана Калуга аэропортторуна киргизилди. Москва мэри Сергей Собянин Москвага учуп келаткан дронду абадан коргонуу системасы атып түшүргөнүн билдирди.

“Дрон сыныктары түшкөн жерлерде адистер иштеп жатышат”, - деп жазды ал Телеграм- каналына.

Би-Би-Синин орус кызматы орус армиясынын Украинанын Харьков облусуна урган соккуларынан төрт киши жабыркаганын облус башчысы Олег Синегубовго таянып жазды.

“Харьковдо жабыркагандардын саны төрт кишиге жетти. 63 жаштагы тургун дарыгерге кайрылды. Ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө”, - деген Синегубов.

Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов дрондор Новоабарский жана Шевченков райондорун бутага алганын маалымдады.

11:47

АКШнын дипломаттарынын билдирүүсүнө караганда, Украинадагы согушка Орусиянын армиясынын катарында 5 миңге чейин кубалык жарандар согушууда, ал эми Кубанын бийлиги Орусиянын басып кирүүсүн ачык колдоп жатат.

Кошмо Штаттардын дипломаттары башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында АКШны Кубага карата ондогон жылдардан бери колдонулуп келген соода эмбаргосун алып салууга чакырган резолюцияны колдобоого ынандырууга аракет кылышууда.

Добуш берүү шаршемби күнү өтөрү күтүлүүдө.

18:05 5.10.2025

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сөзүнө караганда, бир түндө Орусиянын армиясы өлкө аймагын 50 ракета, 500 дрон менен аткылаган.

"Бүгүн орусиялыктар биздин элдин туруктуу жашоосун камсыздап турган инфраструктурабызга кайрадан сокку урду. Америка жана Европа Путинди токтотуу үчүн аракет кылышы керек", - деп жазды Телеграм-каналында Зеленский.

Польшанын Куралдуу күчтөрүнүн оперативдик командачылыгы чек арага жакын аймактардагы чабуулга байланыштуу"бардык процедуралар активдештирилгенин", абага аскердик авиация көтөрүлгөнүн маалымдады. Жердеги абадан коргонуу системалары жана радиолокациялык чалгындоо каражаттары даярдалган.

12:01 5.10.2025

Орусиялык аскерлер 5-октябрга караган түнү Запорожьеге чабуул жасаганын облустун аскердик администрациясынын жетекчиси Иван Федоров билдирди. Анын айтымында, "шахеддер" жана аралыктан башкарылуучу авиабомба менен ондой сокку урулган. Жыйынтыгында бир киши каза таап, он чактысы жараат алган. Жарадарлар арасында 16 жаштагы кыз бар. Федоровдун айтымында, көп кабаттуу сегиз үй жана киши жашабаган бир имарат талкаланган.

Облустук аскердик администрациянын жетекчиси билдиргендей, чабуулдун айынан 73 миңдей адам электр жарыгысыз калды. Анын 67 миңдейи облус борборунун, 6 миңдейи Запорожье районунун жашоочулары.


Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG