Катардагы кыргыздар: "Израилдин соккусу дендароо кылды"

Нурбек Пиримберди уулу

Катар башкалаасы Дохада Израилдин ракеталык соккусунан кийинки жарылуулар жана алардын айланасындагы окуялар дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурду. Бул кырдаал Катардагы жергиликтүү тургундар менен бирге чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде кыргызстандыктарга кандай таасир этти?

«Азаттык» Дохада беш жылдан бери жашап, иштеп жаткан кыргызстандык Нурбек Пиримберди уулу менен байланышып, шаардагы учурдагы абал, коопсуздук чаралары жана жалпы маанай тууралуу сурады.

-Шейшемби күнү күндүз Дохада болгон күтүүсүз жарылуулар дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурду. Шаарда азыр абал кандай? Көчөлөрдө, коомдук жайларда, аэропорттордо коопсуздук чаралар күчөтүлдүбү?

Шаарда олуттуу өзгөрүү болгон жок. Мектептер жана бала бакчалар мурдагыдай эле иштеп жатат. Аэропорттун иши да кечээ токтогон жок. Күтүлбөгөн жерден Израил агрессивдүү чабуул жасады. Окуя болгон учурда мен жумушта, сыртта жүргөм. Онго чукул жарылуунун добушун уктум. Карасам алыстан түтүн чыгып жатыптыр. Башында бензин куюучу жай күйүп жатат го деп ойлодум, анткени бул жерде жашап жатканыма беш жыл болду, Катар дайыма коопсуз жана тынч өлкө деп билчүмүн.

Чабуул болгон жер мен жашаган үйдөн болжол менен 3–4 чакырым алыста жайгашкан. Ал кадимки эле эл жашаган район. Кыргызстандын элчилиги да анча алыс эмес жерде орун алган. Мунун алдында Иран чабуул жасаган эмес беле. Ошол учурда адамдар арасында дүрбөлөң көп болгон, бирок анда бир жума мурун элге эскертүү берилген эле. Бул жолу менин байкашымча, абал бир аз тынчыраак болду.

- Катарлыктар, жергиликтүү медиа окуяны эмне деп баалап жатат?

- Жалпысынан Катар коопсуз өлкө. Мамлекет бул жерде кылмыштуулуктун же бири-бирине кол салуу аракеттеринин күч алышына жол бербейт. Бул жолу эч кандай алдын ала эскертүү болгон жок. Балдар мектепте жана бакчада болуп турган маалда чабуул жасалды. «Чабуул кантип Доханын аймагына чейин жетти? Эмне үчүн коопсуздук чаралары көрүлгөн жок?» деген суроолор жаралбай койбойт. Ошондуктан кечээги окуя бизди бир аз таң калтырды жана дендароо кылды.

Бул жерде жергиликтүү калктын мамлекетке жана бийликке ишеними чоң. Катар өзү жаңжалдардан алыс болууну тандаган өлкө. Ошондуктан жергиликтүү эл да бул окуяны Израилдин агрессиясы катары кабыл алып жатат. Мен мамлекеттик телеканал - "Аль-Жазираны" үзгүлтүксүз карап жаттым.

Дагы караңыз Дохага урулган сокку: "Нетаньяху барымтадагыларды өлүмгө өкүм кылды"

- Катар бийлиги “чабуул эл аралык мыйзамдарды бузат” деп билдирүү таратты. Катар чөлкөмдөгү таасирдүү саясий күч экенин билебиз. Бийлик өз элине окуяны эмне деп түшүндүрүп жатат?

- Катардын бийлиги чабуул болгон учурда элге дароо кайрылуу жасап, Израилдин аракеттерин өлкөнүн суверендүүлүгүнө шек келтирген кадам катары баалады. Газа маселесинде Катар ар дайым ортомчу ролду ойнойт жана нейтралдуу позицияны карманат. Ошондуктан Катар бийлиги өзү чабуулга түздөн-түз бута болгон эмес дегендей таасир калтырат. Ошол эле учурда калктын арасында Израил бул кадамга АКШ тараптан колдоо же макулдук алган соң барды деген сөздөр тарады.

- Газадагы согушту токтотуу учүн Катар ортомчулук ролду активдүү аткарып жаткан. ХАМАСтын лидерлери сүйлөшүүгө Дохада чогулган деген маалыматтар тарады. Газадагы кырдаал тууралуу жергиликтүү элдин пикири кандай экенине кызыгып көрдүңүзбү?

- Айта кетчү нерсе, Израилге карата нааразычылык күч. Анткени бул өлкө акыркы жылдары айланасындагы бир нече мамлекетке чабуул жасады. Катар эли да бул аракетти террордук агрессия катары баалап жатат. Катарда мигранттар, чет элдиктер көп. Мигранттар көбүнчө саясатка аралашпайт, алар негизинен социалдык шарттарды гана бийликтен талап кылышат. Бул жагынан маселе жок.

Дагы караңыз Газа: Трамп ок атууну токтотуу боюнча жаңы сунушун киргизди

- Катарда жашаган кыргызстандыктар соңку окуядан кийин кабарлаштыңарбы? Элчилик же диаспора мекендештер менен байланыштабы?

- Азыр социалдык тармактарда жана интернетте түрдүү маалыматтар тарап жатканы үчүн кыргызстандыктардын арасында тынчсыздануу болушу мүмкүн. Бирок мен дагы бир жолу айтар элем: Катар – тынч жашоону каалаган жана согуштан алыс болууну тандаган мамлекет. Бул жакта кыргызстандыктардын саны 700–800дөй. Көбү тейлөө тармагында иштейт. Баарыбыз бири-бирибиз менен тыгыз байланыштабыз. Элчилик да мындай окуяларда дароо реакция жасап, биз менен байланышат. Азыр абал туруктуу жана тынч.