Токмок шаарында Ислам академиясы ачылат

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн диний лидерлерин кабыл алды.

Президент Садыр Жапаров 11-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн диний лидерлеринин делегациясын кабыл алууда жакынкы күндөрү Токмок шаарында Ислам академиясы ачыларын айтты. Ал диний сабаттуулукту жогорулатуу жана диний кызматкерлердин билимин арттыруу, кайра даярдоо иши менен алектенет.

Жолугушууда Садыр Жапаров андан тышкары Кыргызстан көп конфессиялуу жана көп этностуу өлкө экенин, калктын 90% мусулмандар түзөрүн билдирди.

Мамлекет башчы ар кандай диний агымдар көбөйүп, жаштар интернет жана социалдык тармактар аркылуу алардын таасирине кантип кирип кеткенин билбей калып жатышканын, жаш муунду салттуу диний баалуулуктар менен тарбиялоо маанилүү экенин кошумчалады.

11-сентябрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн муфтийлеринин VI саммити жыйынтыкталды. Анда уюмга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын жыйынынын алдындагы Фатва кеңеши кабыл алган фатвалар бекитилди.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Абдулазиз Закиров кийинки жыйында үй-бүлө институтун коргоо, салттуу үй-бүлө баалуулуктарын жайылтуу, диний билим берүү жаатында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкулоону сунуштады. (BTo)

Дагы караңыз

ТИМ: Орусияда көзөмөлдөөчү реестрде 73 миң кыргыз жараны калдыОрусиянын армиясы Сумыдагы окуу жайга, чиркөөгө сокку урду Шаардык сотто журналист Мамыркулованын иши боюнча отурум болдуИИМдин өкүлү Бишкекте жол тыгыны кескин азайды деп эсептейт Экс-депутат Айжигитов алгачкы соттук отурумга жактоочусу жок катыштыАКШда Дональд Трамптын тарапташы Чарли Кирк киши колдуу болдуБУУ: Украинада жайкын тургундар арасында жоготуу быйыл кескин көбөйдү