Машыгуу Украинага каршы согушуп жаткан Орусиянын дрондору НАТОнун мүчөсү болгон Польшанын аба мейкиндигин бузгандан кийинки чыңалган маалда өтүүдө. Чагымдан чочулаган альянс машыгууга жакындан байкоо салып жатат.
Талдоочулар машыгуу Украинада үч жылдан бери жүрүп жаткан согушка карабай орус армиясы дагы деле күчтүү экенин көрсөтүүнү көздөгөнүн белгилешет.
“Путин ал мурдагыдай эле кубаттуу экенин, Украинадагы уруш анча таасир этпегенин көрсөтүүнү максат кылат”, - деп эсептейт Европалык саясатты талдоо борборунун (CEPA) илимий кызматкери, АКШнын Аба күчтөрүнүн отставкадагы генералы Лэнс Лэндрум.
Быйылкы машыгууда аскерлер Орусиянын өзөктүк куралын жана орто аралыкка учуучу ракеталарды колдонуу чечимин кабыл алууга байланышкан тапшырмалардын үстүнөн иштемекчи. Москва Минскини өзөктүк дүрмөт ташууга кудуреттүү ошондой ракеталар менен камсыздоого убада берген. Орусия кошуна өлкөсүнө канча тактикалык курал жайгаштырганын ачыкка чыгарбаганы менен Беларустун авторитардык жетекчиси Лукашенко өткөн декабарда андай куралдан ондогон даана бар экенин билдирген.
Украина жана Беларус менен чектешкен Латвия, Литва жана Польша машыгууга байланыштуу тынчсыздануусун айтып келатат. 2021-жылы ушундай эле машыгууга жамынып, орусиялык бөлүктөр Беларуска жайгаштырылып, 2022-жылдын февралында Украинага басып киргенден кийин сөз болгон мамлекеттер бул жолку иш-чарага жакындан көз салышууда.
НАТОнун басма сөз өкүлү “Азаттык” радиосуна маалымдагандай, блок Орусиянын аскердик аракеттерине кунт коюп байкоо салууда жана “Москва менен Минскини машыгуу учурунда эл аралык милдеттенмелердин алкагында ачык-айкын аракеттенүүгө чакырат”.
"НАТО бир да мүчөсүнө түздөн-түз коркунуч жаралууда деп эсептебейт", - деди өкүл.
Анын айтымында, “Кремл машыгуулардын масштабы тууралуу маалыматты жашырып келет. Аскердик машыгууларды кимдир бирөөнү мажбурлоо саясаты үчүн пайдаланган учурлар буга чейин болгон”.
"Запад-2021"
“Запад-2025” машыгуусуна канча аскер катышат?
Украинага каршы согуштун фонунда бул жолку машыгуу чектелген форматта жүрүшү ыктымал. Буга чейин Беларустун Коргоо министрлигинин өкүлдөрү ага 13 миң жоокер тартыларын билдирген. Май айында бул сан кайра каралып чыгып, эки эсе кыскартылганы маалымдалган. Мындан улам жалпысынан 7-8 миң киши катышат деп болжолдосо болот. Билдирүүдө ошондой эле маневрлар Беларустун ичкери аймактарында өтөрү айтылган.
Коргоо министри Виктор Хренин машыгуунун көбү Минскиден 70 чакырым алыстыкта орун алган Борисов шаарынын айланасында жүрөрүн билдирген. Ошол эле маалда “чакан бөлүктөр ыктымал душмандын чабуулдарынын мизин кайтарууга” Польша жана Литва менен чек арага жакын жердеги райондордо машыгары айтылган.
Мындан тышкары машыгууга Москва, Ленинград аскердик округдары, Калининград облусу, Арктика региону, Балтика жана Баренц деңиздери камтылганы менен Москва Беларуска болгону эки миңдей жоокерин жөнөтөт деп күтүлгөн.
Орусия Жаматтык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) мүчөлөрү менен өзүнчө үч машыгуу өткөрүп жатканын эске алганда, "Запад-2025тин" чыныгы масштабын жаап-жашырып коюшкан болушу ыктымал.
2021-жылы машыгууга 200 миңдей аскер тартылганы белгилүү.
«Запад-2025» эмнеси менен маанилүү?
Быйылкы иш-чаранын масштабы чаканыраак болгону менен Орусия Украинага кол салгандан бери Беларус менен стратегиялык машыгууга кайтып жатат.
«Чыңалуу коркунучу курч болбогону менен НАТОго Орусиянын болочок согуш тууралуу концепциясын түшүнүүсүнө маанилүү өбөлгө түзүлмөкчү», - деп айтылган Германиянын Тышкы саясат боюнча кеңешинин баяндамасында.
- «Запад» машыгуулары СССРдин тушунда, 1970-жылдары башталып, 1991-жылга чейин уюштурулуп жүрдү. 1999-жылы кайра жанданып, Путиндин маалында кеңейтилди. Машыгуу төрт жыл сайын Орусияда жана географиялык жактан жакын өлкөлөрдө алмак-салмак өткөрүлөт.
Кремл анын жүрүшүндө чагымга барган учурлар да катталып келген.
Батыштын расмий адамдары 2009 жана 2013-жылкы иш-чаралар маалында аскерлер Варшава жана Стокголмго өзөктүк сокку уруу боюнча машыгуудан өткөн деп ишенишет.
Көңүл чордонунда Беларус жана өзөктүк курал
Өткөн жылы декабрда Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен Путин Минскиге коопсуздук кепилдиктери, анын ичинде агрессияга туруштук берүү үчүн орусиялык өзөктүк куралды колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган келишимге кол койгон.
Анын алдында Москва өзүнүн өзөктүк доктринасын кайрап карап чыгып, Батыш менен мамилелер чыңалып турган шартта Беларусту өзүнүн өзөктүк калкоосуна алган.
Беларустун коргоо министри Хренин машыгууда куралдуу күчтөр Орусиянын “атомдук куралын пландоону үйрөнөрүн” бирок андай курал жайгаштырылбасын айткан.
Батыштагы аскердик байкоочулар окуялардын өнүгүшүнө жакындан байкоо салып жатышат. Лукашенко бир нече убакыт мурун ички репрессиялар жана Украинадагы согушта Москваны колдогону үчүн сууп кеткен Батыш менен мамилелерди жөнгө салуу ниетин билдирген.
"Ал деэскалация идеясын сүрөөнгө алып, Путиндин аракеттерине таасир этүү, саясий туткундарды бошотуу өңдүү кадамдарга барууну убада кылган”, - деп айтат Chatham House талдоо борборунун өкүлү Рыгор Астапения.
Машыгуунун алдында беларус бийлиги өз түрмөлөрүнөн 52 саясий туткунду бошотту. Августта АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамп Лукашенко менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин аны социалдык тармактагы постунда “улуу урматтуу президент” деп атаган.
Астапениянын пикиринде, “кеп болгон машыгуу тынч жана ачык өтсө, диалог уланмакчы”.
Макаланын автору: Reid Standish