Дүйшөмбүдө палестиналыктар Газа шаарындагы Ал-Жунди Ал-Мажхул имаратынын урандыларын тазалап, аман калгандарды издеп жатышты. Бир күн мурда Израилдин куралдуу күчтөрү – ЦАХАЛ Газа шаарынын борборун бомбалаганда, ал жайды ХАМАС радикал тобу пайдаланганын билдирген.
Жергиликтүү жашоочу Риад ал-Кудси аларга чыгып кетүү көрсөтмөсү соккунун алдында гана берилгенин "Рейтер" агенттигинин кабарчысы менен маектешкенде айтты:
"Кечки саат жетилерде израилдиктер жарым сааттын ичинде коопсуз жерге чыгып кетүүнү эскертишти. Убакыт аз болду. Кийим-кечебизди, оокатыбызды көтөрүп алып качтык, көп узабай имарат өзүңөр көрүп тургандай жарылды".
Тилкенин расмий өкүлдөрү маалымдагандай, кеминде 30 турак жай талкаланды.
Анклавдагы эң чоң медициналык жай болгон аш-Шифа ооруканасына да эвакуация болуу көрсөтмөсү берилген. Согуш башталган эки жылдан бери саламаттыкты сактоо системасы дээрлик талкаланган Газадагы ооруканалар менен бейтаптар ого бетер кыйын абалга кептелди.
ЦАХАЛдын соккуларынан катуу жабыркаган аш-Шифа ансыз да жарым-жартылай иштеп келатат. Март айында БУУ жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму анын ишин толук жандандыруу аракетин көрүп, бирок керектүү жабдыктардын тартыштыгынан улам дарыгерлер бейтаптарды ачык асман алдындагы чатырларда тейлөөгө аргасыз болууда.
Аш-Шифанын жетекчилиги бейтаптар менен жабдыктарды Газанын түштүгүнө көчүрүү дээрлик мүмкүн эместигин айтышат.
Ооруканада дарыланып жаткан Махмуд Даббус да эвакуация болуу буйругуна тынчсызданып жаткан кези:
"Биз куралсыз катардагы адамдарбыз. Газанын түштүгүндө кайсы жерге барабыз? Ал жакта бизди кабыл ала тургандай ооруканалар жок, элге толуп калган. Бул жерде чектелген гана медициналык жардам көрсөтүлүп, дары-дармек тартыш болгону менен жок дегенде бизди караган дарыгерлер бар".
ЦАХАЛ жоочуларды жок кылууну көздөгөнүн айтып өткөн айда Газа шаарына жерден да чабуул кое баштаган. АКШ жана Еврошаркетте террордук деп жарыяланган ХАМАС радикал тобу жергиликтүү элди калкан кылып колдонгонун четке кагууда.
Дүйшөмбүдө АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху менен кездешти. Жолго аттанардын алдында америкалык башкы дипломат үч күндүк сапар учурунда Вашингтон жоочулардын колундагы 48 кишини кайтаруу жолдорун, анклавды кайра куруу маселесин көтөрөрүн айткан.
Барымтадагы кишилердин 20 чактысы тирүү деп болжолдонууда. Рубио ЦАХАЛдын Катардын башкалаасы Дохага урган соккусу да талкууланарын кошумчалаган:
"Болор иш болду. Биздин нааразы болгонубуз айдан-ачык. Президент нааразылыгын айтты. Эми мындан аркы кадамдарды аныктоо үчүн алдыга жылуу зарыл. Бирок ал окуя Израил менен бекем алакаларыбызга залакасын тийгизбейт".
АКШнын коопсуздук чөйрөсүндөгү өнөктөшү болгон Катарда Жакынкы Чыгыштагы эң ири америкалык база жайгашкан. Өлкө Египет менен бирге Газа тилкесиндеги согушту токотууга арачылык кылып келатат.
9-сентябрда ЦАХАЛ Дохадагы имараттарга ракета менен сокку урганда ХАМАС радикал уюмунун жетекчилерин бутага алганын билдирген. Катар расмий Тель-Авивдин кадамын “мамлекеттик терроризм” деп сыпаттаган.
Жекшембиде эмирликтин өкмөт башчысы жана тышкы иштер министри Мохаммед ал-Тани Израилдин соккусуна карабай анын өлкөсү арачылык вазийпасын уланта берерине ишендирди:
"Израилдин жапайы жана демагогиялык аракеттери бул адилетсиз согушту токтотуу багытында Египет араб жумурияты жана Кошмо Штаттар менен бирге жасап жаткан ишибизди токтото албайт".
Мындай билдирүүнү министр Ислам кызматташтык уюмунун Дохадагы кезексиз жыйыны алдында жасады.
Сөз болгон жыйынга Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да катышууда.