Шаардык сот: Кемпир-Абад иши боюнча отурум кийинки аптага калды

"Кемпир-Абад иши" боюнча айып тагылып, райондук сот актаган саясатчы, активисттер жана алардын адвокаттары. Архив.

19-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук жараян дагы жылдырылып, кийинки отурум 24-сентябрга белгиленди. Буга айыпталуучулардын айрымдарынын адвокаттары сотко келбей калганы негиз болду.

Шаардык сотко Кемпир-Абад иши 2024-жылдын август айында түшкөн. Бирок бир жылдан ашык убакыттан бери ар кандай негизде ишти кароо баштала элек.

Былтыр 14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны жана активистти актаган.

Эртеси, 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айыппул же пробация” деген. Июль айында Башкы прокуратура Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляциялык арыз берген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган. Алардын айрымадарынын иши өзүнчө бөлүнүп алынган.

Кылмыш ишин милиция козгоп, айып таккан. Айыпталуучулар аларга тагылган киненин баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. (BTo)

Дагы караңыз

Сот экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин ишин Башкы прокуратурага кайтарганы белгилүү болдуУКМК спорт департаментинде коррупциялык схема аныкталганын билдирдиКара-Суу шаарындагы "Манас" футболдук стадиону ишке берилдиКүрөш: Нурзат Нуртаева дүйнө чемпионатында коло медал алдыТрамп Путин анын көңүлүн калтырганын айттыСот Карасартованы күнөөлүү деп таап, беш жылдык пробация менен бошотту