ЖКны таркатуу тууралуу сунуш тиешелүү комитеттин күн тартибине киргизилди

Жогорку Кеңеш.

Парламентти өзүн-өзү таркатуу тууралуу демилге көтөргөн депутаттык топтун сунушу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 23-сентябрдагы жыйналышынын күн тартибине киргизилди.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, бул маселе боюнча депутат Улан Примов баяндама жасайт. Сунуш колдоо тапса ал жалпы сессияга чыгарылат.

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча 32 депутаттан кол чогултулуп, сунуш парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жөнөтүлгөн. Спикер бул демилгени колдой турганын айткан.

Анда кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтөрү, 2027-жылдын январь айына президенттик шайлоо дайындалганы белгиленип, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эки саясий иш-чараны аз убакыттын ичинде өткөрүүгө жетишпей каларын негиз кылынган. Нурланбек Тургунбек уулу эки шайлоонун удаа өтүшү саясий жана экномикалык жактан өлкөгө кыйынчылык жаратат деп эсептейт.

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу демилгесин депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси же бери дегенде 60 депутат колдошу керек. Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Шайлоо болжол менен 30-ноябрда өтөрү айтылууда.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзөт. Мыйзам боюнча парламентке кезектеги шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров “Азаттыкка” маек берип, эгерде Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Украина Орусиянын дрон чабуулу уланганын билдирдиАКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинин Газа боюнча резолюциясын колдогон жокСот Карасартованы күнөөлүү деп таап, беш жылдык пробация менен бошоттуМонополияга каршы мекеме бензинди Казакстандан алуу кымбат экенин түшүндүрдүКөк-Жар конушундагы жер ишине байланыштуу жети адам кармалдыУКМК спорт департаментинде коррупциялык схема аныкталганын билдирдиСот экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин ишин Башкы прокуратурага кайтарганы белгилүү болдуКамчыбек Ташиев борборду Манаска которууну эл чечиши керектигин айттыШаардык сот: Кемпир-Абад иши боюнча отурум кийинки аптага калды