АКШда өкмөттүн иши жарым-жартылай токтоп, "шатдаун" башталды

АКШ Конгресси.

АКШда бүгүн 1-октябрдан тартып айрым мамлекеттик органдардын иши жарым-жартылай токтоп, өкмөттүн "шатдауну" башталды. Кошмо Штаттарда каржы жылы 30-сентябрда жыйынтыкталып, 1-октябрдан тартып жаңысы башталат. Бирок кечээ Сенатта федералдык чыгымдарды каржылоо тууралуу эки мыйзам долбоору тең колдоо таппай калды.

Демократтар партиясы каржылоону улантуу үчүн сунуштаган мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен четке кагылды, анткени бул палатада алар азчылыкты түзөт. Ал эми Республикачылар партиясы сунуш кылган мыйзам долбоору алар көпчүлүктү түзгөнү менен жетиштүү добуш ала алган жок.

Бюджетке байланыштуу бир пикирдин жоктугу АКШ саясатында кадыресе көрүнүш болгону менен быйыл демократтар менен республикачылар ортосунда талаш-тартыш айрыкча курч, анткени Дональд Трамп быйыл январь айында президенттик кызматка киришкенден бери федералдык мекемелердин кызматкерлеринин санын жана каржылоосун улам кыскартып келе жатат.

Бул жолу талаш жараткан негизги маселе саламаттык сактоо системасын каржылоого байланыштуу болду.

Президент Трамп Ак үйдө журналисттердин алдында сүйлөп жатып эгер мунаса табылбаса демократтар колдогон программаларды токтотуп коёрун, федералдык кызматкерлерди жапырт иштен алуу болорун эскерткен.

Федералдык бюджеттин чыгымдары жөнүндөгү мыйзам жок болсо АКШда өкмөттүк мекемелер жапырт токтобойт. Чек ара, медицина, тартип коргоо, аба каттамы жана башка эң зарыл кызматтар иштей берет. (RK)

Дагы караңыз

БШК парламенттик шайлоого талапкерлерди каттоонун мөөнөтүн бекитти17 жаштагы Айсулуунун өлүмү: Кыз-келинди ким коргойт?Түркияда кармалган кыргыз мугалиминин иши кайра тергелетМуфтий эркектерди кыз-келиндерге аяр мамиле кылууга чакырды