Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Бишкектин Ак-Ордо конушунда эки кишини өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын ырастады.
Ал "Соцсеттерде “бул жаш эле бала экен, кантип эле өлтүрүп койсун?”-деген пикирлер жазылып жатат", - деп, Ички иштер министрлигинин техникалык базасы жана “Коопсуз шаар” системасынын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү өнүккөнүн белгиледи.
"Бүт жерде камералар бар. Мындан тышкары кылмышкерлерди табуунун ыкмалары көп, аны ачыктабай эле коеюн. Кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар, фактылар чогултулуп, кылмыш кылуунун максаттары боюнча так аныкталды. Тергөө жүрүп жатат. Ал тургай, эки адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган баланын атасы боюнча дагы маалыматтар келип түштү", - деди Орунбеков.
Ошол эле күнү ИИМ да маалымат таратып, 2006-жылы туулган И.С. аттуу жаран шектүү катары кармалганын, учурда кылмыш ишинин жагдайларын аныктоого үчүн зарыл ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатканын билдирди.
"Алдын ала маалыматка ылайык, судмедэксперттер менен кароо учурунда маркум И.у.Эге 18 жолу, ал эми анын бир тууган эжеси Б.А.га 11 жолу бычак сайылгандыгы маалым болгон", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренеси "адам өлтүрүү" менен кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалганы белгилүү болгон.
Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамдын өмүрүн алган окуя 3-октябрга караган түнү катталган. Милициянын маалыматында, Ынтымак көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине түн катып кирген киши эки бир тууганды, 36 жаштагы аял менен 34 жаштагы эркекти бычактап өлтүргөн. Кылмыш болгон жерден дагы бир аял балдары менен качып чыгууга үлгүргөн.