Душанбеде Алиев менен Путин элдешти, миграция көйгөйү көлөкөдө калды

"Борбор Азия-Орусия" саммити. Душанбе шаары. 9-октябрь 2025-жыл.

Украинадагы согуштан улам бир катар өлкөлөрдүн изоляциясында калган орус президенти Владимир Путин жакын өнөктөштөрү саналган борбор азиялык лидерлер менен жолугушуу өткөрдү.

Эксперттер Душанбеде экинчи жолу өткөн "Борбор Азия-Орусия" саммитинде Москва бул чөлкөмдөгү таасирин күчөтүүгө аракет кыларына басым жасашууда. 9-октябрь күнү саммитке алты өлкөнүн президенттери катышты.

Бул саммит Украинадагы согуштан улам Москвага эл аралык басым күчөп, экономикалык маселелер актуалдуу болуп турган учурга туш келди.

Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү менен Орусиянын экономикалык мамилеси дагы өсүп жатканына кыргыз президенти Садыр Жапаров көңүл бурду. Ал бул форматтагы биринчи саммит өткөндөн берки үч жыл аралыгында Борбор Азиядагы коопсуздук кырдаалы оң жагына карай өзгөргөнүн айтты.

“Борбор Азия акырындык менен Евразия континентиндеги туруктуу аймактардын бирине айланууда. Бул өз кезегинде ЖККУнун, КМШнын жана ШКУнун саясий кадыр-баркын бекемдеп турат. Муну менен катар, Борбор Азия геосаясий жарышуунун жана ички-сырткы бузуку күчтөрдүн ишмердигинин майданы болуп, көңүл чордонунда турат. Дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу өсүп жаткан шартта, Борбор Азия өлкөлөрү менен Орусиянын ортосундагы коргонуу коопсуздугу жаатындагы кызматташтык жана маалымат алмашуу, аракеттерди координациялоо замандын чакырыктары менен коркунучтарына каршы күрөшүү үчүн барган сайын маанилүү болуп барат”.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Душанбе саммити: Путин Борбор Азиянын лидерлерине ишенеби?

Орусиянын лидери Владимир Путин Орусиянын Борбор Азиянын беш өлкөсү менен 45 млрд долларлык соода алакасы 10 млн калкы бар Беларус экөөнүн ортосундагы көлөмгө да жетпей турганын белгилеп, алдыда өсүшкө өрүш кенен экенин билдирди. Орусиянын чөлкөмдөгү жалпы инвестициясы 20 млрд доллардан ашуун экенин жана буга көңүлү толбой турганын айтты.

Путин Борбор Азия өлкөлөрү менен бирге жаңы логистикалык жана транспорттук чынжырчаларды түзүүгө даярдыгын, Орусия жана Борбор Азия чөлкөмү аркылуу өткөн “Түндүк-Түштүк” жана “Чыгыш-Батыш” магистралдарын өздөштүрүүнү жана жаңы континенттер аралык коридорлорду ачуу маанилүү экенин белгиледи. Муну менен катар Орусиянын катышуусунда Борбор Азиянын эскирген гидротутумдары жаңыланып жатканына токтолду.

“Орус компаниялары жаңы ГЭСтерди курууга, ошондой эле суу-энергетикалык инфратүзүмдү коопсуз иштетүүнү камсыздоо жана суу ресурстары менен трансчекаралык дарыяларды сарамжал колдонуу долбоорлоруна катышууга даяр. Жаратылыш ресурстарын биргелешип иштетүү жаатында жакшы мүмкүнчүлүктөрдү көрүп турабыз. Албетте, Орусия менен Борбор Азиядагы беш өлкө аймактык жана дүйнөлүк күн тартибиндеги маанилүү маселелерге бирдиктүү жана үндөш тутумду карманып жатканы абдан маанилүү. Бириккен Улуттар Уюму жана башка көп тараптуу форматтардагы өз позицияларын координациялашууда”.

Саммиттин жыйынтыктоочу коммюникесинде Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусия "Түндүк-Түштүк" транспорт коридорун өнүктүрүү боюнча макулдашканы айтылат.

Дагы караңыз "Кремл Алиев менен элдешүүгө аргасыз болду". Путин кыйраган учак үчүн кечирим сурады

“Орусия Борбор Азия менен теңата сүйлөшкөнгө мажбур болуп турат”

Душанбеде бул саммитке удаа өткөн КМШ өлкөлөрүнүн жыйыны менен Путиндин Тажикстанга мамлекеттик сапарына тыкыр байкоо салып турган эксперттер Кремл Борбор Азия өлкөлөрүн өз таасирине дагы да көбүрөөк тартуу аракетин көрүп жатканын белгилешет.

Талдоолордо айтылгандай, Украинадагы уруштан жана туташ санкциялардан алсыраган Орусияны чөлкөмдө Кытайдын таасиринин улам артып баратышы жана түрк тектүү мамлекеттердин биримдикке баш коюп жатышы кабатырга салбай койбойт.

Анын үстүнө Өзбекстан, Казакстан сыяктуу чөлкөмдөгү лидер мамлекеттер соңку кездери АКШ менен алакасын күчөтүүгө киришкендей.

Саясат талдоочу Марс Сариев Борбор Азия өлкөлөрүнүн Орусия менен экономикалык мамилеси өтө чырмалышкандыктан бири-биринен кескин алыстап кете албай турганын айтат. Ошол эле маалда чөлкөмдү антиорусиячыл позицияга ооп кетүүдөн токтотуп турууга далалаттанып жатканын белгилейт.

“Кремл азыр кооптонуп атат. Азербайжандын Габала шаарында Түрк мамлекеттеринин саммити өтпөдүбү. Түрктөрдүн биригип атканы чочутуп жатат. Ошон үчүн “Орусия - Борбор Азия” деген формат менен Душанбеде саммит өттү. Ал жерде Илхам Алиев менен дагы сөз табышып, Путин абалды оңдогонго аракет кылды. Борбор Азия Орусиянын колунан чыгып кетпесин деп, Түрк уюму менен конструктивдүү кызматташтыкка аракет кылып атат. Азыр Орусиянын рычагдары жок. Байкасаңар, Азербайжан менен авиакатастрофа боюнча сүйлөшкөндө Путин өзү Алиевдин көзүн карап калды. Ошон үчүн Түрк уюму калыбына келгенин түшүнүп атат, эми аны менен сүйлөшүш керек. Азыр мурункудай “старший брат, младший брат” деген жок. Батышка ооп кетпесин деп, анын үстүнө Түркия НАТОнун мүчөсү да. Ошон үчүн Орусия теңата конструктивдүү сүйлөшөт”.

Дагы караңыз Москва таасирин сактап калуу үчүн күч үрөйт: Путиндин Дүйшөмбү сапары

“Миграция көйгөйү көлөкөдө калды”

Алгач жолу Астанада өткөн "Борбор Азия-Орусия" саммитинен кийинки үч жыл ичинде Орусиядагы эмгек мигранттарынын абалы кыйла начарлады.

Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерт залындагы кандуу терактты ишке ашырды деп тажикстандыктар айыпталган соң орус жергесинде мигранттарга каршы рейддер күчөдү. Бул маселе жүз миңдеген жарандары Орусияда иштеп жүргөн Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр үчүн маанилүү.

Миграция маселелери боюнча эксперт Гүлнара Дербишева саммитте Борбор Азиянын башкы көйгөйлөрүнүн бири болгон миграция башка маселелердин көлөкөсүндө калып калгандай туюлганын айтат.

"Бул Орусия үчүн номур биринчи көйгөй болбой атат. Ал эми биздин мигранттар кандай оор абалда калды. Мына бир эле тиркеме "Амина" Москва жана Москва облусунда иштебейт. Борбор Азиянын мигранттарына ушундай катаалдык кылып атат. Канча балдарды мектепке албай койду. Орусия бул маселени актуалдуу деп карабайт. Бул маселе Душанбеде дагы көтөрүлгөн жок. Эмнеге көтөрүлбөйт? Албетте, эми кечээги жолугушууларда булардын башка стратегиялык, аскердик маселелери болду окшойт. Ошого мен эмнеге булар миграция маселесин булар актуалдуу деп көтөрбөй атканына таң калып атам".

Жыйында борборазиялык лидерлердин медиа үчүн таратылган сөзүндө миграция боюнча ачык айтылбайт. Бирок саммиттин жыйынтыгында кол коюлган коммюникеде миграция коопсуз, ал эми эмгек мигранттары коргоого алынышы керектиги белгиленет.

Саммиттин расмий бөлүгүнүн алдындагы лидерлердин бейрасмий жолугушуусу көңүл бурдурду. Анда эл аралык изоляцияга туш болгон Путин борборазиялык лидерлердин курчоосунда саммитке кожоюндук кылган Тажикстандын президенти Рахмондун сыйын көрдү.

Путиндин Тажикстанга сапарынын алдында айрым эл аралык уюмдар расмий Душанбеден Гаагадагы кылмыш сотунун чечимин негиз кылып, аны камакка алууга чакырган эле.

Ал эми Европа Биримдиги болсо Рим Статутунун катышуучусу болгон Тажикстан бул документтин нормаларын сактаган жок деп сындады.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Душанбе: Путин менен Алиевди элдештирген саммит

Тажикстандын пахтасынан орус аскерлерине кийим тигилет

Путин саммитти утурлай Душанбеге мамлекеттик сапар менен да келди. Сапардын алкагында эки тараптуу 16 расмий документке кол коюлганы кабарланды. Эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык алаканы өнүктүрүү жаатындагы документтердин арасында Тажикстанда жеңил өнөр жай кластерин түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишим да бар. Инвестор болуп Орусиялык “БТК” компаниялар тобу аныкталган.

“БТК” компаниясы орусиялык белгилүү олигарх Таймураз Боллоевге таандык. Боллоев Кремлге жакын киши катары Евробиримдиктин "кара тизмесине" илинген, анын компаниясы Орусиянын Украинадагы согушуна аскер кийимдери жана башка каражаттар менен жардам бергендиги менен белгилүү.

“Азаттык” радиосунун тажик кызматынын иликтөөсү боюнча Боллоевдин компаниясы аскердик кийим-кечектерди Тажикстандагы бир катар ишканалары менен “Ситораи точ” деп аталган фабрикасында өндүрөт.

Иликтөөдө аныкталгандай, “БТК Групп” 2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан кийин дароо Тажикстанга келип, жеңил өнөр жай тармагына 200 млн доллардан ашуун инвестиция сала баштаган. Душанбе пахта өстүрүү үчүн компанияга 5 миң гектар жер бөлүп берген.