Жогорку Кеңешке шайлоого №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп жаткан парламенттин депутаты Ырысбек Атажановдун тарапташынын видеосу боюнча окуя Кадамжай райондук милициясына каттоого алынып, текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Облустук милиция видеодогу адам Исхак-Полотхан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Гуламидин Матажиев экени такталганын, текшерүүнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин кошумчалады.
Социалдык тармактарда топ адамдар отурган жерде Гуламидин Матажиев “мектеп үчүн, балдар үчүн Ырысбек Атажановду колдоп коюуга” чакырып жаткан видеосу жарыяланган.
Бул тасма тууралуу Ырысбек Атажанов өзү комментарий бере элек.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Боршайкомго арыз тапшыргандарды үгүт иштерин эрте баштап албоого чакырган. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин уланат. Добуш берүү 30-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин болот. Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгышы керек.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт). (BTo)