Быйыл айдоочулук күбөлүк алуу сынагынан 280 миңден ашык адам кулады

Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда тогуз айдын ичинде (январь-сентябрь) айдоочулук күбөлүк алуу сынагынан 281 миң 661 адам кулады.

Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Нургазы Ормонбек уулу “Кабар” улуттук агенттигиндеги маегинде айтты. Анын маалыматы боюнча, ал эми 74 миң 646 киши сынактан өтүп, айдоочулук күбөлүк алган.

Нургазы Ормонбек уулу автомектепти окугандар теориялык тестке жакшы даярданып, практикалык экзаменден кулагандар да көп экенин кошумчалады.

Кыргыз бийлиги өлкөдө жол кырсыктары көбөйгөндүктөн айдоочулук күбөлүк берүүдө көзөмөлдү күчөткөн. Айдоочуларды даярдоонун жана кайра даярдоонун сапатын жакшыртуу үчүн быйыл 20-октябрдан баштап менчик автомектеп ачуу үчүн лицензия берүүгө 2028-жылга чейин тыюу салынды. (BTo)

Дагы караңыз

УТРК: Тиллебаев кызматтан алынып, ордуна Сатиев келдиКазакстан коомдук жайларга жүздү таануу системасын киргизүүнү пландап жататЕвробиримдиктин 26 мүчөсү Орусияга каршы трибуналга катышууга даяр экенин билдирди Трамп Украина жана Орусия фронттун азыркы сызыгында токтошу керектигин айттыБУУ: Түрк Кыргызстанды өлүм жазасын кайтаруу аракетин токтотууга чакырды Кыргызстанда күйүүчү майдын бир айга жетпеген запасы калдыКаракол шаарындагы келиндин өлүмү иликтенип жататКамчыбек Ташиев Чүйдөгү Долпран кени боюнча текшерүү болорун айттыПрезидент Жапаров Элдик курултай өтчү күндү өзгөрттү