Президенттин алдындагы инвестиция боюнча улуттук агенттик Ысык-Көлдө Асман шаарын куруу боюнча кытайлык компания менен меморандум түзүлгөнүн 21-октябрда билдирди.
Мекеменин маалыматында, сүйлөшүүлөр алгач Шанхайда, кийин Бээжинде уланып, 17-октябрда улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров менен China Construction Design Institute компаниясынын башкы директору Цао Сянмин меморандумга кол коюшту.
Сүйлөшүү жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын жана инвестиция салуу боюнча болжолдуу багыттарды талкуулашты.
Документ инвестициялык, инфраструктуралык жана курулуш тармактарында кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле Asman City долбоорун ишке ашыруу үчүн заманбап технологияларды жана чет элдик инвестицияларды тартууга багытталган.
Кыргызстандын бийлиги Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар куруу дымагын 2021-жылы жай айында билдирген. Ошол эле жылы күздө өкмөт Асман шаарын куруу мамлекеттик дирекциясын түзгөн. Былтыр мартта жаңы калааны курулушун көзөмөлдөө милдети Президенттин иш башкармалыгына өткөн.
Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-июнунда бул шаарды курууну баштоо аземине катышкан. Капсула салынгандан кийин курулуш токтоп калган. Президент былтыр майда Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарына барганда Асман шаарын куруу он чакты күндөн кийин башталарын билдирген. Ал капсула салынгандан кийин курулуштун токтоп калганын долбоорго өзгөртүүлөр киргизилгени менен түшүндүргөн.
Экономика министрлигинин маалыматында, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, Асман шаары 500 миң кишиге ылайыкталат.