Улуттук банк эсептик ченди 10% чейин көтөрдү

Улуттук банктын имараты.

Улуттук банк 27- октябрдагы чечими менен эсептик ченди 10% чейин жогорулатып, ал 28- октябрда күчүнө кирди. Өлкөнүн негизги банкы инфляция 2025-жылдын башынан тартып 6,2%, жылдык мааниде 8,4% түзгөнүн билдирди. Мекеме Кыргызстанда быйыл жылдын алгачкы тогуз айында (январь-сентябрь) реалдуу Ички дүң өнүм (ИДӨ) 10% өскөнүн кошумчалады.

Былтыр май айында Улуттук банк эсептик ченди 11ден 9% чейин түшүргөн жана бул көрсөткүчтү бир жылдан ашык убакыт сактап турган жана июль айында аны 9,25% чейин жогорулаткан.

Улуттук банк 2022-жылга чейин эсептик ченди 7-8% тегерегинде кармап келген. Орусияга салынган эл аралык санкциялар Кыргызстандын экономикасына да таасирин тийгизген. Мындан улам 2022-жылдын мартынан тартып өлкөдө инфляция кескин секирик жасаган. Валюта рыногунда абал курчуп, эсептик чен 14% чейин жеткен.

Эсептик чен - инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет.

Коммерциялык банктар өзүнүн пайыздык чендерин аныктап жаткан учурда Улуттук банктын эсептик ченине багыт алышы кажет. Улуттук банктын эсептик чени жогору болсо, коммерциялык банктардын насыялары менен депозиттеринин пайыздык чендери да жогору болот, төмөн болсо төмөндөйт. (BTo)

Дагы караңыз

БШК үгүт эрежелерин бузду деген негизде алты адамга айып салдыЛувр музейинен баалуу экспонаттарды уурдоого шектүү эки адам кармалдыТүркияда магнитудасы 6,1 жер титирөө болдуТажик-ооган чегинде атышуу болгону кабарландыБыйыл тогуз айда үч миңден ашык адам мамлекеттик ипотекадан батир алдыСот Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт Десе” медиасын экстремисттик деп таптыКүрөш: Кыргызстандык балбандар дүйнө чемпионатынан төрт медал алдыБишкектин башкы планында трамвай линиясын салуу сунушталды