"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
БУУнун атайын өкүлү Мартти Ахтисаари Косовонун келечеги боюнча бир жылдык сүйлөшүүлөр туңгуюкка такалды деп билдирди. Дипломаттын ырастоосунда, серб жана косоволук албандардын лидерлери мунасага келүүгө дилгирлигин көрсөтө алышкан жок. Косовонун макамы боюнча сүйлөшүүлөрдүн соңку айлмпасы 10-мартта Венада жыйынтыксыз аяктады.
Багдадда бүгүн АКШ, Иран, Сирия жана ондогон башка мамлекеттердин жана регионалдык уюмдардын өкүлдөрү Ирактагы коопсуздук маселелерин талкуулашты. Шаардын “Жашыл” деп аталган коопсуздук тилкесинде өткөн жыйын негизинен Тегеран менен Дамаскты Ирактагы зомбулукка чекит коюуу аракеттерине тартууну көздөгөн.
Бейшембиде Япониянын Накасибэцу шаарында сүттөн жасалган пиво сатыла баштады. Дыйкандардын бири артып калган сүттү сата албай, ишканалардын бирине андан пиво чыгаруу идеясын сунуш эткен. Сүт ысык абанын жардамы менен жылытылат. Анан ага ачыткы менен кулмак өсүмдүгү кошулат. Суусундук ачый баштаганда сүт кошулган чайды элестет. Бирок суугандан кийин анын түсү өзгөрүп, кадимкидей пивого окшоп калат.
Сербияда жалпы шайлоо өтүп жатат. Бул Сербия жана Монтенегронун бөлүнүшүнөн кийинки алгачкы добуш берүү. 250 орундуу парламентке улутчулдардан баштап батышчыл реформачыларга чейинки 20 саясий партия ат салышууда.
"Чегарасыз кабарчылар" уюму Түрк бийликтерин журналист Хрант Динкти өлтүрүп кеткендерди тезирээк табууга үндөдү. Кылмышты айыптаган билдирүлөрдү Европа биримдиги, АКШ, Арменяи өкмөттөрү жасашты.
9-январда Москвага Беларустун расмий делегациясы келди. Дүйшөмбүдө Беларусь аркылуу ташылган орус мунайын Европага жеткирүү токтоп калган эле. Россия Беларусь кара майды мыйзамсыз алып жатат деп күнөөлөп, мунай берүү ошол себптен улам токтоп калды десе, Минскидеги бийликтер мунайды транзит акысынын ордуна конфискациялап жатканын айтышууда.
Өзүн казакстандык кабарчы Борат Сагдиев деп атап жүргөн британиялык куудул Саша Барон Кохэндин жаңы фильми Канн, Торонто, Лондондогу кинофестивалдардан кийин 3-ноябрда Кошмо Штаттарда көргөзүлмөкчү.Сюжет боюнча казакстандык кабарчы америкалыктардын маданияты менен тааныштыруу үчүн АКШда фильм тартып жүрөт. Анын күлкү келтирген кийим-кечесин, англисче атайлап тантырап сүйлөшүн, расисттик же аялдарды кемсинткен сөздөрүн айрым учурларда абсурд катары кабыл аласың. Казак бийликтери Бораттын фильмине нааразылыгын билдиришсе, киносынчылар ал Американын өзүндөгү терс көрүнүштөргө басым жасайт дешет.
24-30-октябрда БУУнун куралсыздануу аптасы өттү. 1978-жылдан бери БУУ мүчө мамлекеттерин бул жумада жарыша куралдануунун кесепеттерин, мыйзамсыз курал соодасынан, жаңжалдардан канчалаган адам жабыркап жатканын элге түшүндүрүүгө үндөп келатат. 1995-жылы Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы дүйнө өкмөттөрүн, бейкөмөт уюмдарды куралсыздануу аптасына активдүү катышууга чакырган.
АКШ президенти Жорж Буш Ирактагы зомбулук күчөп жатканын белгилеп, кан төгүүлөрдү азайтуу үчүн аскерий иш-аракеттердин тактикасын өзгөртүү керектигин билдирди. Бирок Америка Кошмо Штаттары эркин, демократиялуу Ирак куруу идеясынан баш тартпайт, - деди Буш.
Түркиялык жазуучу Орхан Памук адабият тармагындагы Нобель сыйлыгынын лауреаты болуп аталды. 54 жаштагы Памук Түркиянын азыркы жазуучуларынын арасынан эң белгилүүсү. Анын чыгармалары дүйнөнүн 34 тилине которулган. Памуктун эң жогорку сыйлыкты алышы мекенинде көптөгөн талаштуу пикирди жаратпай койбойт.
Россия Грузиядагы элчисин чакыртып алып, дипломаттардын үй-бүлөлөрүн өлкөдөн чыгарып кете баштады. Орус тышкы иштер министрлиги ошондой эле өз атуулдарына Грузияга баруудан карманууну сунуш кылат. Бул чаралар Грузиядагы россиялык төрт аскер тыңчылык үчүн айыпталып кармалгандан кийин көрүлүп жатат. Окуя тараптардын буга чейин эле жеңил эмес болгон мамилелерин ого бетер курчутту.
Минск менен Рим ортосунда дипломатиялык чатак тутанды. Италияга эс алууга келген 10 жашаар Мария аттуу кызды убактылуу багып алган ата энеси Беларустагы балдар үйүнө жибербеш үчүн белгисиз бир жерге катып коюшту. Алардын айтымында Мария балдар үйүндө таяк жеп, сексуалдык ыдык көргөн учурлары да болгон.
Жаңы муундагы жасалма мүчөлөрдү мээнин сигналы менен кыймылдатса болот. Чикаголук Клаудия Митчелл азыр дал ошондой протезге ээ болду. Канадалык дарыгерлер болсо жаш өткөн сайын адамдар үчүн туулган күн майрамы кооптуу боло баштайт дешет.
Франциядан баштап Сауди Аравия менен Ооганстанга чейин мусулмандар көчөлөргө чыгып, рим папасынын ислам жөнүндө келтирген шилтемесин айыпташууда. 12-сентябрда Бенедикт XVI Регенсбург университетинде чыгып сүйлөп, Византиянын императору Мануэл Экинчинин исламды сындаган сөзүн шилтеме катары айткан болчу.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы Огулсапар Мурадова абакта көз жумду. Бул жөнүндө анын жакындары “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиришти. Түркмөнстандын коопсуздук органдары Мурадованын өлүмүнө тиешелери жоктугун ырасташууда. Бирок анын туугандары жана укук коргоочулар Мурадова өлтүрүлгөн болушу мүмкүн дешүүдө.
Сириянын ички иштер министри генерал Бассам Абдел Мажид АКШнын Дамаскидеги элчилигине болгон кол салууну “террордук иш аракет” деп атады. Министрдин ырастоосунда коопсуздук органдары жапырык салган 3 кишини жок кылышты, бирөө жарадар болду. АКШнын Мамлекеттик департаменти кол салуу жөнүндөгү кабарды бышыктады. Маалыматтарга караганда андан америкалык дипломаттар жабыркаган жок.
Кечээ Японияда тактынын болочок мураскери дүйнөгө келди. Император Акихитонун экинчи келини каныке Кико аман-эсен көз жарды. 40 жылдан бери императордун үй-бүлөөсүндө эркектер төрөлө элек болчу. Мындан улам өкмөт тиешелүү мыйзамды өзгөртүүнү да караштырып жаткан. Бирок ханзаданын төрөлүшү андай пландарга чекит коет.
Бир жыл илгери Кошмо Штаттарынын тарыхындагы эң ири табигый кырсыктардын бири орун алган. Катрина деген ураган 1 жарым миңге жакын адамдын өмүрүн алып кетти. Ал келтирген зыян болжолу менен 80 миллиард долларды түздү. Президент Буштун сынчылары жапа чеккен аймактарды калыбына келтирүү иштери өтө жай жүрүп жатканын, жардам тегиз эмес бөлүштүрүлгөнүн айтышууда.
Шейшембиде Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Израилдин лидерлери менен Жакыңкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалды талкуулады. Райс Вашингтон ок атышууну дароо токтотууну эмес, региондогу олуттуу өзгөрүүлөрдү жактай турганын дагы бир ирет кайталады. Бүгүн мамлекеттик катчы палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен да жолугушмакчы.
Бүгүн да Израилдин согуш учактары Ливандын түштүгүн бомалоону улантышты. Качкындар бараткан автобуска болгон соккудан 3 киши набыт кетти. Хезболла уюму Израилдин Хайфа шаарына аткан ракетадан 2 киши ажал тапты. Ливандын түштүгүндө согушкерлердин огунан БУУнун байкоочулар тобунун мүчөсү оор жараат алды. Ал эми БУУнун гуманитардык иштер боюнча жогорку өкүлү Ян Эгеланд Бейруттун чет жакаларын кыдырып чыгып, Израилдин соккулары алып келген кыйроолорду алаамат деп атап, бул - гуманитардык мыйзамдарды бузуу болуп эсептелет деп белгиледи.
Дагы жүктөңүз