Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:10

Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Украинанын ордени менен сыйланды


Төлөйкан Исмаилова
Төлөйкан Исмаилова

“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Украинанын үчүнчү даражадагы “Княгина Ольга” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, укук коргоочуга бул орден Киевде Украинанын эгемендик күнүнө карата ыйгарылган. Элчилик Исмаилованы сыйлыгы менен куттуктап, “Украинанын досу” деп атады.

Төлөкан Исмаилова Кыргызстандагы тажрыйбалуу укук коргоочулардын бири. Ал “Жарандар коррупцияга каршы”, “Бир дүйнө-Кыргызстан” уюмдарын жетектеп, өлкөдөгү адам укугу жаатында иш алпарып келет.

Орусия Украинага кол салгандан бери бул согушту сындап, Украинага колдоосун билдирип келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG