Бишкектеги жол тыгынын азайтуу үчүн бир нече мал базар шаардын сыртына көчүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, иштеп баштаган “Алтын-Казык” мал базары Маевка айылына тушташ жайгашкан.
Бул мал базарга Бишкекте жайгашкан “Жантай”, “Пригородный”, “Эски Толчок”, “Нарбото” мал базарлары көчүрүлүп, андан тышкары талапка жооп бербеген дагы 20га чукул мал союучу жай жабылары айтылды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев эми борбор калаадагы санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген мал базар, касапканалардын баары жабыларын билдирди.
Мэрия жаңы ачылган мал базар шаар ичиндеги жол тыгынын азайтарын белгилеп жатат.
Жаңы мал базарда ветеринардык пункт, изолятор, ашкана, суткасына 200 бодо, 300 майда мал союучу касапкана бар. Базардын жалпы аянты 4 гектар. Анда 1520 майда мал, 600 бодо мал үчүн жабык орун даярдалган.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн 200 млн сомдон ашык каражат жумшалды. (KS)
Шерине