Кыргызгидромет борбору билдиргендей, Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 28…33;
Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15...20, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз ала булут каптап турат. Жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 28…30° жылуу болот.
Шерине