Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:21

Бишкекте реаниматолог адистердин биринчи борборазиялык конгресси өттү


Анестезиолог-реаниматолог адистердин алгачкы борборазиялык конгрессинин катышуучулары. 2025-жылдын 11-октябры.
Анестезиолог-реаниматолог адистердин алгачкы борборазиялык конгрессинин катышуучулары. 2025-жылдын 11-октябры.

Бүгүн 11-октябрда Бишкекте Кыргызстандын биринчи перфузиолог адиси, белгилүү анестезиолог-реаниматолог адистердин алгачкыларынын бири Алла Шерованын 85 жылдык мааракесине арналган эл аралык жыйын жыйынтыкталууда.

Медицинанын мына ушул тармагын аркалаган борборазиялык адистердин алгачкы конгресси "Анестезиология жана реаниматология: Актуалдуу маселелер, заманбап ыкмалар, окуу жана кесиптик кызматташтык" деген темада уюштурулду.

Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн адистери катышты жана 30дан ашык илимий баяндамалар жасалып, клиникалык талкуулар жана дискуссиялар өттү.

Конгрессти Кыргыз анестезиологдор жана реаниматологдор коому уюштурду.

Коомдун төрайымы, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз медицина академиясынын Дипломго чейинки жана дипломдон кийинки анестезиология жана интенсивдик терапия кафедрасынын башчысы, профессор Жамиля Чынгышованын айтымында, жыл сайын бул окуу жайда 30дай реаниматолог-анестезиолог адис даярдалып чыгарылат:

"Конгресске чет өлкөлөрдөн тышкары Кыргызстандын өзүнүн бардык аймактарынан 320 анестезиолог, жалпысынан студенттерибизди, клиникалык ординаторлорду кошкондо 500дөй киши катышты. 15 спикер чакырганбыз. Бардыгыбыз үчүн өтө кызыктуу, пайдалуу иш-чара болду, көп маалымат, суроолорубузга жооп алдык. Бул өтө татаал кесип. Мамлекеттик ооруканаларда, тилекке каршы, анестезиолог-реаниматолог жетишсиз болууда, анткени маянасы аз болгондуктан көбү, айрыкча жаштар жеке клиникаларга барып иштөөгө аргасыз. Тийиштүү жабдык да жетишпейт. Жыйында абдан кызыктуу талкуу болду, жаш адистердин өз ишине, жаңы билимге, маалыматка, тажрыйбага кызыгуусун көрүп өтө ыраазы болуп олтурам".

Конгресс өмүр бою Иса Ахунбаев клиникасында хирургиялык операция учурунда бейтаптын канын жасалма түрдө айлантып туруучу адис болуп эмгектенген Алла Шерованын мааракесине арналды. Ал жүздөгөн медицина кызматкерлерин даярдап, миңдеген бейтаптын өмүрүн сактап калууга көмөктөштү. Кыргызстандагы реанимациялык жана анестезиологиялык кызматтын башатында турган, түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө зор салымын кошкон адис азыр ардактуу эс алууда. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG