Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:39

Тогуз айда Кыргызстандын экономикасы 10% өсүп, ИДП 1,2 трлн сомду түздү


Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.

2025-жылдын январь-сентябрында Кыргызстандын экономикасы 10% өсүп, ички дүң продукт (ИДП) 1 трлн 240,5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети тогуз айдын баштапкы эсебинин жыйынтыгын чыгарган соң жарыялады.

Өнөр жайдагы өндүрүм 10,2% өссө, курулуш 29,6% жогорулады. Дүң жана чекене соода 10,9%, айыл чарбасы боюнча көрсөткүч 0,9% көтөрүлдү. Керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 5,5% түздү.

Кыргызстандын бийлиги ички дүң продукт (ИДП) өлкө тарыхында биринчи ирет – 2023-жылы 1 трлн сомдон ашканын маалымдап, кийинки жылдары сумма дагы да жогорулай турганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндөгү жарлыгы тууралуу коомчулукка кайрылуу жолдоп, ички дүң өндүрүмдү кеминде 30 миллиард долларга жеткирүү керектигин билдирген. Учурда Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү АКШ валютасына чакканда 11-14 млрд доллардын тегерегинде болот.

ИДП – жашылча, мөмө-жемиштерден баштап, кен байлыктарга чейин өлкөдө өндүрүлгөн бардык товарлардын жана транспорт, туризм, соода сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG