Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:45

"Убактымды текке кетирбейм". Трамп Путинге качан жолугат?


АКШ президенти Дональд Трамп Москва Украинадагы согушту токтотууга көнбөсө, Путинге жолугуу "убакытты текке кетирүүгө" барабар экенин айтты.

Трамп 25-октябрда Малайзияга бараткан жолдо Катарга токтоду. Өзүнүн Air Force One президенттик учагында бул өлкөнүн эмири жана премьер-министри менен жолукту.

"Биз келишим түзөбүз деп билишиңиз керек. Мен убактымды текке кетирбейм", - деди Трамп журналисттерге сүйлөп жатып. - Мен Владимир Путин менен жакшы мамиледе болчумун, бирок бул жагдай көңүлдү калтырды. Мен бул согушту Жакынкы Чыгышка тынчтык орногонго чейин эле бүтөт деп ойлогом".

Трамп өткөн жумада Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн жана жакын арада аны менен Будапештте жолугушууну пландап жатканын айткан. Бирок көп өтпөй жолугушуу белгисиз мөөнөткө жылган.

Reuters агенттиги ишенимдүү булактарына таянып, Трамптын администрациясы Орусияга каршы жаңы санкцияларды даярдап жатканын, Путин тынчтык келишиминен баш тарткан учурда алар күчүнө кириши мүмкүн экенин маалымдады.

Рейтер аты аталбаган АКШнын жогорку даражалуу өкүлүнө таянып Трамп Кремлге каршы кадамды Европа өлкөлөрү жасашын каалап жатканын жазды. Эгер анын бул мүдөөсү ишке ашса, Орусияга каршы аракет кошумча санкциялар же тарифтер түрүндө болушу мүмкүн.

АКШ 22-октябрда Орусиянын "Роснефть" жана жеке менчик "Лукойл" компанияларына санкция киргизерин жарыялаган, бул кабар дүйнөлүк энергетика базарларын будуң-чаң түшүрдү.

Бул эки компания тең Орусиянын эң ири мунай өндүрүүчүлөрү жана алардын экспорттук кирешеси Кремлдин согушту каржылоосунда маанилүү роль ойнойт.

Трамп Ак үйдө сүйлөп жатып, бул санкцияларды "чоң жетишкендик" катары мүнөздөдү.

Андан бир күндөн кийин Европа Биримдиги "Роснефть" жана мамлекеттик "Газпром" компаниясынын туунду ишканасы - "Газпром нефтиге" каршы санкция салды.

Берлиндеги Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун (IISS) илимпозу Мария Шагина санкциялар Москвага каршы биринчи олуттуу чаралар экенин белгилейт. Эксперттин айтымында, Орусиянын Украинага каршы согушун токтотууга кызыкдар болбой, "убакытты созгон тактикасы" Трамптын администрациясын нааразы кылды.

Байкоочулар азыр Индия менен Кытайдын реакциясына кылдат көз салууда. Бул эки өлкө тең Орусиянын мунайынын ири кардары. Кытай Москванын негизги союздашы жана соода өнөктөшү, ал Орусиянын энергоресурстарынын көп бөлүгүн Сибирдеги түтүк аркылуу алат.

Нью-Дели АКШнын басымына карабай, Орусиядан алган энергия ресурстарынын көлөмүн кыскартуудан баш тартууда. Трамп бул маселеде Индияны кескин сынга алып, айып тарифтерин киргизип, дагы кошумча чаралар менен коркуткан.

Трамптын акыркы билдирүүлөрү Путиндин инвестициялар жана экономикалык кызматташтык боюнча атайын чабарманы Кирилл Дмитриевдин 24-октябрда CNN телеканалына курган маегине дал келбеди.

Кремлдин чабарманынын айтымында, АКШ, Украина жана Орусия Украинадагы согушту токтотуу багытында олуттуу прогресске жетишкен.

"Менин оюмча, Орусия, АКШ жана Украина дипломатиялык мунасага жакындап калды", - деген Дмитриев.

Бирок мындай жыйынтыкка эмне себептен келгенин түшүндүрө алган жок. Аймактык маселе жана коопсуздук кепилдиктери өңдүү негизги суроолор боюнча Украина менен Орусиянын расмий позициялары дал келбей турат.

Дмитриев АКШга америкалык аткаминерлер менен жолугушуу үчүн барган. Сүйлөшүүлөр кандай жүргөнү азырынча белгисиз, бирок Рейтер булактарына таянып, талкуулар 26-октябрда уланарын билдирди

"[Дмитриев] менен президент Трамптын администрациясынын өкүлдөрүнүн жолугушуулары 24-25-октябрда өткөн, 26-октябрда да уланат".

Трамп Си Цзинпин менен Түштүк Кореяда жолугат

АКШ президенти Дональд Трамптын аймактык сапарынын акыркы күнүндө Түштүк Кореяда Кытайдын лидери Си Цзинпинге жолугушмакчы. Жолугушуу негизинен соода-сатык маселелерине байланыштуу болору айтылууда. Трамп Малайзияга жана Жапонияга да барат.

Ошол эле учурда Украинанын майдандан алыс Киев жана башка ири шаарлары күн сайын Орусиянын дрон жана ракеталык чабуулдарына кабылууда.

Бул жумада Харьковдогу бала бакчага жасалган чабуул жөнүндө суроого жооп берип жатып, Путиндин өкүлү Дмитриев орусиялык аскерлер бала бакчаларды атайылап бутага албай турганын айтты, бирок бул учур боюнча суроону аскер жетекчилигине берүү керектигин кошумчалады.

"Мен аскер адамы эмесмин, - деди Кремлдин чабарманы. Менин максатым - диалог түзүү жана жаңжалды мүмкүн болушунча тезирээк токтотуу".

26-октябрдын таңында Киевдеги көп кабаттуу үйгө жасалган түнкү чабуулдун айынан кеминде 26 киши, анын ичинде алты бала жараат алган.

"Баарына медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Кээ бирлери ооруканага жаткырылды", - деп билдирди украин өкмөтү Telegram каналында.

Шерине

XS
SM
MD
LG