Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:36

"Тесттен өттүк, бирок мектепте орун жок". Орусияда окубай калган мигрант балдар


Орусия. Тюмен облусу. Казароводогу мектеп
Орусия. Тюмен облусу. Казароводогу мектеп

Жаңы окуу жылы башталганына эки ай өтсө дагы Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттар балдарын мектепке киргизе албай жатканын айтып даттанууда. Мектепке кире албай калган мигранттардын балдары үчүн быйыл Кыргызстанда “Туңгуч” онлайн мектеби ачылган, анда 900гө жакын бала билим алууда.

Он жылдан ашуун Москвада жашап, эмгектенген кыргызстандык Миргүл (аты өзгөртүлдү) жети жаштагы кызын мектепке киргизе албай дале убара тартып жатканын айтып берди. Кызы быйыл сентябрда 1-класска бармак. Жайында орус тили боюнча тесттен өтпөй калган.

Бир чейрек менчик мектепке барып, кошумча окугандан кийин тесттен өткөн. Ошентсе дагы бир канча мектеп орун жок деген негизде кабыл алуудан баш тарткан экен:

"Тесттен өтсөк дагы орун жок деп эле кабыл албай жатышат. Беш-алты мектеп ушундай жооп берди. Сентябрдын ортолорунда менчик мектепке бергенбиз, анткени полиция үйгө чейин келип, "балаңды окутпасаң депортация кылабыз" дешкен. Ага 12,5 миң рубль төлөйбүз. Бош орун бар мектептерге барып арыз жазгыла дейт, алардан сурасаң орун бар-жогун билбейбиз деп жатышат. Жазган арызыңа бир айда жооп болот. Ал жерде дагы орун болбосо күтүп атып эле бир жыл өтүп кетип жатпайбы. Кайсы класста канча бала бар экени тууралуу маалымат белгилүү эле, булар биздин балдарды мектепке алгысы келбей, ушундай шылтоо айтып жатышат. Менин кызым орус тилди деле жакшы билет, ушул жакта бала бакчага барган, атайын окуудан өткөн. Экинчи тест тапшыруу үчүн репетиторго күнүнө 1,5 миң рубль төлөп даярдадык. Балдарын мектепке киргизе албай Кыргызстанга кайткандар же балдарын кетиргендер дагы көп болду. Бул жакта үйү жоктор каттай турган жери жок айласыз балдарын таштап келип жатышат".

Биз сүйлөшкөн кыргызстандыктардын көбү Орусияда, өзгөчө Москва шаарында үй-бүлөсү менен жашаган мигранттар азайганын айтып беришти. Көбү балдарын Кыргызстандагы туугандарына, чоң ата-чоң энесине берүүгө аргасыз болушкан. Анын ичинен үйдө окубай отуруп калгандар дагы жок эмес экенин ысымын атагысы келбеген маектешибиз айтып берди:

"Окубай, үйдө отургандар дагы бар. Мисалы бир үй-бүлөнүн баласы 1-класска кире албай калды. Азыр атасы эле иштеп, апасы балдарын карап үйдө отурат. Кыргызстанга дагы кете алышпайт, анткени билет абдан кымбат. Кетсе кайра келе албайт. Ушуга окшогондор көп. Мигранттар үй-бүлөсү жок келсин дегенге алып барып жатышат. Тест боюнча бала орус тилин 80% билиш керек экен. 1-класска бара турган бала грамматиканы кантип билет, орустар өздөрү анчалык билбейт. Менин досум этностук орус, анын баласы дагы тапшыра алган жок", - деди кыргызстандык мигрант.

Мигранттардын балдарына мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге кирүү оңой болбой жаткан чакта Москванын аймагындагы менчик мектептер да акыны көтөрүп жиберген. Азыр сапаттуу билим берет деп саналган жакшы мектептердин акысы айына 35 миңден 90 миң рублга чыкканы айтылууда.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз мигранттарынын мектепке кире албай калган балдары тууралуу маалыматы бар экенин "Азаттыкка" ырастаган. Ушул тапта бул маселе кандай чечилип жатканы айтыла элек. Окуу жылынын башында канча бала мектепке кирбей калганы тууралуу дагы так статистика жок.

Жаңы окуу жылында сыртта жүрүп, мектепке кире албай калган балдар үчүн “Туңгуч” онлайн мектеби түзүлгөн. Тиешелүү чечим үстүбүздөгү жылы 19-мартта Министрлер кабинетинде кабыл алынган. Бул жакка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, же болбосо ата-энеси менен бирге сырткы миграцияда жүргөн балдар кабыл алынат. Учурда бул мектепте 860 бала онлайн билим алып жатканын директор Муратбек Касымалиев билдирди. Мектеп 5-класстан баштап кабыл алат:

"Азыр онлайн мектепке 2386 бала кабыл алдык. Ошонун 860ы Орусияда эмгектенип жүргөн мигранттардын балдары. Окуучуларды кабыл алууну мигранттар үчүн уланттык, Кыргызстандын ичиндегилерге токтоттук. Анткени 1-чейрек бүтүп калды да. Мигранттар балдары окуй турганын алдын ала билдириши керек, ошондон кийин каттоону кайра ачабыз. Мындан сырткары этностук кыргыздар дагы бар. Казакстан, Түркия, Италияда жашагандардын балдары окуйт, 1-2 окуучу. Украинада жашагандар дагы бар. Билим берүү кыргыз тилинде жүргүзүлөт".

Касымалиев мугалимдер улам толукталып, жаш кызматкерлер кабыл алынып жатканын кошумчалады.

Учурда ата-энеси менен сырткы миграцияда, анын ичинде Орусия аймагындагы кыргызстандык балдардын так саны белгисиз.

Орусия президентинин алдындагы Адам укуктары кеңеши Ички иштер министрлигине таянуу менен өлкөдө 785 миңден ашуун мигрант бала бар экенин билдирген. Мектептерде окуп жаткандардын саны 192,2 миңди түзөт. Сентябрда Орусиянын Билим берүү жана илим тармагын көзөмөлдөгөн федералдык кызмат чет элдик мигрант балдардын 87,5% мектепке кабыл алынбаганын маалымдаган.

Кыргызстандык мигрант Миргүл кыргыз бийлигине кайрылып, бул көйгөйдү чечип берүүнү суранды.

"Биз Москва киргизген бардык мыйзамдарды так аткарганга аракет кылып иштеп жатабыз. ЕАЭБге мүчө болгондон кийин бизге жеңилдик каралышы керек эле. Анан ар бир бала билим алууга укуктуу эмеспи. Биз кыргыз бийлигинен ушуну чечип берүүсүн суранабыз. Биримдикке кирген менен биз өзбек, тажик жарандарынан айырмабыз жок болуп калды", - деди кыргызстандык мигрант.


2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрү, анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынганы маалымдалган.

Шерине

XS
SM
MD
LG