Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Чек ара: он жылдыктын максаттары


Казакстандан Кыргызстанга кире бериштеги жазуу.
Казакстандан Кыргызстанга кире бериштеги жазуу.

Кыргыз өкмөтү чек араны башкаруу боюнча улуттук стратегияны ишке ашыруу планын эл аралык донор уюмдардын сынына койду.

Кыргызстан быйыл жазда чек араны башкаруунун улуттук стратегиясын кабыл алган. Өкмөт 10 жылдык стратегияны ишке ашыруу планын 20-ноябрда Бишкектеги эл аралык жыйында донор уюмдардын сынына койду.

Кыргызстан чек арасын бекемдөө үчун да жардам сурады

Быйыл 16-мартта кыргыз өкмөтү чек араны ар тараптан башкаруунун улуттук стратегиясын кабыл алган. 10 жылга белгиленген бул стратегияда чек ара коопсуздугун күчөтүүдөн тышкары бажы көзөмөлүн жакшыртуу, курал-жарак, маңзат жана азык-түлүк аткезчилигине бөгөт коюу, чек ара аймактарын өнүктүрүү, инфраструктураларды жакшыртуу жана жалпы өлкөнүн коопсуздугуна байланышкан комплекстүү иш-пландар камтылган.

Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов аларды ишке ашыруу жагы эл аралык донор уюмдардын жана чет элдик өкүлдөрдүн сынына коюлганын айтат:

- Эл аралык уюмдарга ошол стратегиянын пландарын айтып, Кыргызстандын чек ара коопсуздугун биргелешип чыңдоо боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Эсептеп көрсөк, улуттук стратегияны ишке ашырууга көп каражат жумшалчудай. Биздин мамлекеттин каражаты ага жетпечүдөй болуп жатат. Ошондуктан бул жерде эл аралык өнөктөштөрүбүз менен жолугуп, мүмкүнчүлүктөрү бар болсо, жардам сурап жатабыз.

Бул жыйынга чакырылган 52 эл аралык уюмдун жана мамлекеттин жарымынан көбү өз өкүлдөрүн жиберген экен.

Жыйынга катышкан вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев болсо Кыргызстан чек араны кайтаруунун дүйнөдөгү алдыңкы ыкмаларына өтүүгө кызыкдар экенин белгиледи:

- Чек арадагы иш-аракеттерди дүйнөдөгү цивилдүү жолдорго бурууга бизде саясий эрк жетиштүү. Бүгүн дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү өз чек араларын полициялык жол менен кайтаруу ыкмасына өтүштү. Бул пайдалуу да, арзан да болот. Биз да келечекте ушул жолду караштырып жатабыз. Бирок бир канча саясий жана экономикалык мүнөздөгү себептерден улам бул идеяны кыска мезгилде жана бардык чек ара тилкесинде бирдей ишке ашыруу мүмкүн эмес.

Чек ара кызматынын жетекчиси Закир Тиленовдун билдиришинче, полициялык ыкма балким кийинчерээк чыр-чатаксыз чек ара аймактарга тажрыйба катары киргизилиши мүмкүн.

Өлкө коопсуздугуна коркунуч жараткан жагдайлар

Эл аралык жыйынды уюштурууга кыргыз өкмөтүнөн тышкары Борбор Азиядагы чек араларды башкарууга көмөктөшүү программасы (BOMCA) демилгечи болгон. BOMCA - Евробиримдик жана Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы тарабынан каржыланат.

Анын аймактык жетекчиси Вуриа Карадахи BOMCA Кыргызстанга 1,4 млн. евро бөлүүнү болжоп жатканын айтты:

- Биз эки багытта иштейбиз. Кеңеш да беребиз, каржылык көмөк да көрсөтөбүз. Азыркы баскычта BOMCA тарабынан Борбор Азиядагы беш мамлекетке 9 млн. доллар көмөк көрсөтүү каралган. Ал каражаттардын көпчүлүк бөлүгү Кыргызстан менен Тажикстанга бөлүнөт. Атап айтсак, Кыргызстанга 1,4 млн евро берилет.

Президент Алмазбек Атамбаев сентябрдын башында чек ара кызматын өзүнчө орган кылып түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Ал ылайык, ушу тапта аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин карамагынан чыгарып, өз алдынча орган катары түзүү иштери жүрүүдө.

Ал эми Чек ара кызматынын төргасы Закир Тиленов азыркы кезде Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч жараткан жагдайларга мындайча токтолду:

- Эл аралык терроризм, диний экстремизм, баңги зат, мыйзамсыз курал ташуу сыяктуу көрүнүштөрдүн биздин чек ара коопсуздугубузга коркунучу бар.

Чек ара тилкесинин жалпы узундугу 4503 чакырым болгон Кыргызстан төрт мамлекет: Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай мене чектешет. Чек ара сызыгы Казакстан жана Кытай менен аныкталып бүткөнү менен, Өзбекстан жана Тажикстан менен толук тактала элек.

Талдоочулардын жана чек арада жашаган тургундардын пикиринде, кыргыз бийлиги чек араны кайтарууга жетиштүү көңүл бурбай келүүдө.

XS
SM
MD
LG