Бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көлдө түрк тилдүү өлкөлөрдүн студенттери арасындагы III универсиада башталат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандын студенттик курама командалары катышат.
Венгрия менен Тажикстандын өкүлдөрү байкоочу катары чакырылган. Универсиаданын катышуучулар спорттун жети түрү, шахмат, үстөл тенниси, волейбол, дзюдо, эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана футзал боюнча мелдешет.
Түрк универсиадасы студенттер арасындагы эл аралык мелдеш. Ал түрк тилдүү мамлекеттердин уюмдарынын демилгеси менен уюштурулуп келет.
Былтыр жалпысынан 450дөй спортчу катышкан. (КЕ)