Орусия согушка каршы пикир айткан жаранын 12 жылга кести

Игорь Якуничев.

Орусиянын Ямал-Ненец автоном округунун Пангоды кыштагынын 36 жаштагы тургуну Игорь Якуничев "ВКонтакте" социалдык түйүнүнө согушка каршы постторду жана видеолорду жарыялап жүргөнү үчүн 12 жылга кесилди. Бул тууралуу 5-сентябрда "Свобода" радиосу "Медиазона" жана SOTAvision басылмаларына таянып жазды.

Якуничевге каршы козголгон ишти Екатеринбург шаарынын аскердик соту карады.

Темир уста, кийин короо тазалоочу болуп иштеген Якуничев "терроризмге, орус армиясын жаманатты кылууга, алар тууралуу жалган маалымат таратууга, мамлекеттик коопсуздукка каршы чакырыктарга" айыпталды.

Тергөөчүлөр анын Украинанын Буча шаарында жайкын тургундар орус аскерлеринин кыргынына кабылганы, Кахов ГЭСинин талкаланышы тууралуу жазгандарын мыйзамсыз деп табышкан.

Якуничев абакта күч кызматкерлеринин кыйноосуна, ар кандай коркутууларына кабылганын айткан.

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкан. Ошондон кийин мындай кол салууну айыптап чыккан жарандарынын баарын "орус аскерлерин жаманатты кылды", "фейк маалымат таратты" деген айып менен камакка алууда.

Якуничевке чегерилген абак мөөнөтү мындай айыптоо менен соттолгондордун эң катаал чарасы болууда. (RK)

Дагы караңыз

"Ашар бирикмеси" коомдук фондунун негиздөөчүсү кайрадан алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкек-Чүй: Мыйзамсыз курулуштар маселесин комиссия иликтейтОш мэри жаңы башкы дарыгерге каршы чыккан стоматология поликлиникасынын жамаатын уктуОрусия Финляндия менен чек арасын бекемдөөгө киришет