ТИМ: Орусияда көзөмөлдөөчү реестрде 73 миң кыргыз жараны калды

Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калган кыргызстандыктардын акыркы санын берди. Ага ылайык, ушул тапта бул тизмеде 73 миң 278 кыргыз жараны бар жана алар 11-сентябрдан тартып сөз болуп жаткан өлкөдөн мажбурлап чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынат.

Министрлик быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын 98 миң 670 жараны “тобокел тизмесинен” чыгарылганын кабарлады. Анын ичинен 14 миң 584ү Орусиядан чыкпай эле документтерин тууралап алышса, 84 миң 86 адам Орусиядан чыгып кеткенине байланыштуу реестрден чыгарылган.

Андан тышкары дагы 84 миңге чукул кыргыз жараны Орусиянын “кара тизмесине” илинип калган. Алар бул өлкөгө киргизилбейт.

Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш болчу. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.

Орусиянын президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы жарлыгына ылайык, ал жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-апрелге чейин өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга тийиш экени кабарланган. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин мөөнөт 10-сентябрга чейин узартылып, ал да аягына чыкты. Эми укуктук абалын жөнгө салбаган мигранттар өлкөдөн чыгарылат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусияда 377 миң кыргыз жараны миграциялык каттоого алынганын, жалпысынан бул өлкөдө Кыргызстандын 612 миң жараны бар экенин айткан.

Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы Кыргызстандын жарандарын көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калып маселе жаралган учурда кайрылууга чакырды. (+996 999 312 002)

Дагы караңыз

Орусиянын армиясы Сумыдагы окуу жайга, чиркөөгө сокку урду Шаардык сотто журналист Мамыркулованын иши боюнча отурум болдуИИМдин өкүлү Бишкекте жол тыгыны кескин азайды деп эсептейт Экс-депутат Айжигитов алгачкы соттук отурумга жактоочусу жок катыштыАКШда Дональд Трамптын тарапташы Чарли Кирк киши колдуу болдуБУУ: Украинада жайкын тургундар арасында жоготуу быйыл кескин көбөйдүДепутат Бекешев коррупцияга каршы күрөштө журналисттер менен кызматташуу керектигин айттыУКМК казакстандык дагы бир ишкерге издөө жарыялады