Быйыл Кыргызстанда сегиз айда жол кырсыгынан 540 адам каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ушул жылдын алгачкы сегиз айында 5 393 жол кырсыгы катталып, андан 540 адам каза болуп, дагы 7 964 киши жаракат алды. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,3% көп.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Айбек Жумагулов Жогорку Кенештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында айтты.

Ички иштер министрлиги айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ага ылайык, документи жок жана ичкилик ичип машине айдагандарды жети, мас болуп жол кырсыгына кабылса 20 күнгө чейин камакка алуу сунушталды.

Андан тышкары мыйзам долбоорунда айдоочулук күбөлүк албай туруп же таптакыр автоунаа башкарууга укугу жоктор мас болуп машине айдаса 10 күнгө камакка алуу каралган. Азыр ал жаза үч күндү түзөт.

Иштеп жаткан мыйзам боюнча мас абалында машине айдагандар бир жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жазаны катаалдатып, мас айдоочуларды эки жылга, кийин ал жоругун дагы кайталаса төрт жылга күбөлүктөн ажыратууну сунуштоодо. Ошондой эле адамдын автоунаасы убактылуу алынат.

Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакын киши жаракат алган. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстан Палестин мамлекетин түзүүнү колдой турганын кайталадыИзраил армиясы Газага абадан сокку уруп, шаарга танктар киргени кабарланды Зеленский Орусиянын мунай жайларына соккуларды "натыйжалуу санкция" деп атады NYT: Трамп Орусияга каршы санкциялар үчүн ЕБге аткарылбас шарт койду "Ата-Бейитте" Баткенде чек араны коргоп курман болгон жоокерлер эскерилдиӨкмөт башчы өлкөнүн ички дүң өнүмү 1 триллион сомдон ашканын айттыКыргызстан Европанын авиациялык "кара тизмесинен" 2026-жылы чыгарылат деп күтүлүүдөУлуттук банк валюта базарына 81 млн 500 миң доллар саттыШаршенбек Абдыкеримовдун 10 млрд сомдон ашык мүлкү мамлекетке алындыЖКда өзүн-өзү таркатуу боюнча 30дан ашык депутаттан кол чогултулдуДүйнө чемпионатында Бекзат Алмаз уулу күмүш медал алдыАКШ менен Кытай TikTok боюнча алдын ала макулдашууга келди