Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Нарын районундагы Нарын – Оруктам автоунаа жолунда айдоочу оор жүк ташыган машинеси менен өтүп баратканда кулаган “Куюш” көпүрөсү салынып, ишке берилгенин билдирди.
Биринчи көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматура орнотулуп, бетон куюу жумуштары жүргүзүлгөн. Андан соң көпүрөнүн негизги конструкциясы чогултулуп, темир тосмолору жана тиешелүү жол белгилери коюлуп, каттам кайра ачылды.
13-августта Нарын районундагы Эки-Нарын айылын облус борбору менен байланыштырган көпүрө кулап, КамАЗдын айдоочусу 41 жаштагы Азамат Асанбеков сууга агып кетип, сөөгү 15-августта Нарын дарыясынан табылган.
Жергиликтүү тургундар көпүрөнүн коопсуздук шарттарына жооп бербей калганы тууралуу бийлик органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок убагында чара көрүлбөгөнүн айтышкан.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бул көпүрө аркылуу оор жүк ташуучу машинелерге чектөө коюлганын, айдоочу ага карабастан көпүрөдөн өткөнүн билдирген. Мекеме көпүрөнү оңдоого 5-августта тендер жарыяланып, 11-августта өткөрүлгөнүн кабарлаган. (BTo)