Сот “Клооптун” мурдагы операторлорун беш жылдан абакка кести

Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 17-сентябрь, 2025-жыл.

17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Клооптун” мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кести. Андан тышкары басылманын эки эсепчисин да айыптуу деп таап беш жылдан абакка кесип, үч жылдык пробация менен эркиндикте калтырды. Мындай өкүмдү райондук соттун судьясы Чолпонай Үметалиева чыгарды.

Прокурор Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду сегиз жылдан, эки эсепчини алты жылдан абакка кесүүнү сураган.

Шектүүлөрдүн адвокаттары коюлган кинелер боюнча бир да далил жок экенин айтып, актоону өтүнгөн. Адвокат Кайсын Абакиров “соттун өкүмүн мыйзамсыз деп эсептейбиз. Анткени сот бир да далил жок эле ушундай чечим чыгарып койду” деди. Ошондой эле райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна арыз берерин кошумчалады.

“Клооп” 16-сентябрда Биринчи май райондук сотунда өткөн соттук отурумда Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров тергөөдө коюлган күнөөнү мойнуна алган мурдагы көрсөтмөсүнөн баш тартышканын жазган.

Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду УКМК быйыл 28-майда “жапырт башаламандыкка чакырык жасоого тиешеси бар” деген негизде кармаган. Алардын үйүндө тинтүү жүрүп, техникасы алынып, өзүлөрү сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондон бери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жатат.

28-29-май күндөрү Ошто жана Бишкекте “Клооптун” иштеп жаткан жана мурдагы төрт кызматкери жана алардын эки таанышы да кармалган. Баары суракка алынып, видео аркылуу кечирим сурагандан кийин коё берилген.

“Клооп” тергөөчүлөр медианын эсепчилерин жана кеңсе менежерин да суракка алып, техникалык кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, айрым жабдыктарын жана каржылык документтерин алып кетишкенин маалымдаган.

20-июлда “Манас” аэропортунда “Клооптун” мурдагы фрилансери Кутман Каленов кармалып, УКМКда суракка алынгандан кийин коё берилгени кабарланган.

Басылманын бери дегенде төрт кызматкеринин банк эсептери бөгөттөлгөн. Бул иште “Клооптун” мурдагы кызматкерлери Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров жана үй камагындагы эки эсепчи шектүү катары өтүп жатат.

30-майда УКМК билдирүү таратып, “Клооп Медианы” “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген” деп айыптаган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооптун” кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темиров менен байланышта экенин, ал каржылап жүргөнүн Фейсбукка жазган. Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган Болот Темиров муну четке каккан.

Медианын иштеп жаткан жана мурдагы кызматкерлеринин кармалып, суракка алынып жатышын “Чек арасыз кабарчылар” (RSF), Human Rights Watch жана Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) сыяктуу эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар айыптап, кармалган кызматкерлерди боштондукка чыгарууга чакырышкан.

2024-жылдын сентябрында “Клооптун” сайты Жогорку соттун чечими менен бөгөттөлгөн. Анын материалдары социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланууда. (KE)


Дагы караңыз

Прокурор "Клооптун" мурдагы операторлорун сегиз жылдан абакка кесүүнү сурадыНарында киши өмүрүн алган көпүрө салынып, каттам ачылдыCASA-1000: Кыргызстан 2027-жылы электр энергиясын экспорттоп баштайтТогуз айда Орусиянын көзөмөлдөөчү реестринен 123 миңден ашык кыргыз жараны чыктыПольшадагы тажик жазуучусу президент Рахмондон мекенине кайтууга уруксат берүүнү сурандыЕвробиримдиктин Орусияга каршы кезектеги санкциясына банктар, энергетика, криптовалюта кирет Орусия Украинанын темир жол тармагына сокку урду, поезд каттамдары кармалууда