Президент Садыр Жапаров Ош шаарында жана Чүйдүн Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында кырсыктан каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.
Президенттин кайрылуусун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда мамлекеттик органдар каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча бардык зарыл чараларды көрөрү белгиленген.
“Суук түшүшү менен жеке турак жайларда, ошондой эле өндүрүштүк объектилерде электр энергиясын жана жылытуучу шаймандарды колдонууда өрт жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу жогорулайт. Калк арасында сактык чаралары боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл”, - деди Садыр Жапаров.
22-октябрга караган түнү Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү №26 турак үйдөн чыккан өрттөн 34 жаштагы келин беш баласы менен (13, 11, 9, 6 жана 2 жашта) каза болду. Жолдошу Түштүк Кореяда иштеп жүргөн.
10-октябрда Чүйдүн Новопокровка айылында газоблок чыгарган заводдо жарылуу болуп, 34 жана 61 жаштагы эки адам каза тапкан. (BTo)