Ош шаарынын мурдагы казысына сот чечими чыкканы белгилүү болду

Мирланбек Токтомушев.

Ош шаарынын мурдагы казысы Мирланбек Токтомушев Кылмыш-жаза кодексинин “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 120 миң сом айыпка жыгылганы белгилүү болду.

Мындай чечимди Ош шаардык соту 22-сентябрда чыгарып, Мирланбек Токтомушев Ош облустук сотуна апелляциялык арыз берген.

Мирланбек Токтомушев кармалганы 23-майда белгилүү болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош казыятында “мыйзамсыз акча чогултуу” фактылары аныкталып, “такай жасалып келе жаткан мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлганын” билдирген. Ал үй камагына чыгып, кийин кайра камакка алынган.

Мирланбек Токтомушев 2023-2025-жылдары Ош шаарынын казысы болуп иштеген. (BTo)

Дагы караңыз

БШК үгүт эрежелерин бузду деген негизде алты адамга айып салдыТүркияда магнитудасы 6,1 жер титирөө болдуУлуттук банк эсептик ченди 10% чейин көтөрдүАзия турнесинин алкагында Трамп Токиого бардыЛувр музейинен баалуу экспонаттарды уурдоого шектүү эки адам кармалдыБыйыл тогуз айда үч миңден ашык адам мамлекеттик ипотекадан батир алдыСот Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт Десе” медиасын экстремисттик деп таптыКүрөш: Кыргызстандык балбандар дүйнө чемпионатынан төрт медал алды